Кыргызстанда көзү ачыктарды жарнамалоого тыюу салынды

Кыргызстанда мындан ары көзү ачыктык, бүбү-бакшылык, төлгө салуу, сыйкырчылык менен алектенүүнү жарнамалоого жол берилбейт. “Жарнама жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүү киргизилип, ага президент Садыр Жапаров 19-июлда кол койду.

"Мыйзамдын максаты - оккульттук, сыйкырчылык жана башка анык эмес ыкмалар менен жарандардын аң-сезимине таасир көрсөтүүнү болтурбоо" деп айтылат Президенттик администрация тараткан маалыматта.

Мыйзам долбоорун бир ай мурда Жогорку Кеңеш кабыл алган. Демилгечилердин бири - депутат Марлен Маматалиев.

Министрлер кабинети эми жарнамалоого тыюу салынуучу кызматтардын тизмесин аныктоого тийиш. (SE)

Дагы караңыз

Кыргызстан менен Өзбекстан соттолгон жарандарын алмашатWindows көйгөйүнөн улам жүздөгөн компаниялардын иши токтоп калдыПхеньянда Орусия менен аскердик кызматташтык талкууланды