Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:02

Кыргызстан менен Өзбекстан соттолгон жарандарын алмашат


Кыргызстандын жана Өзбекстандын башкы прокурорлору Максат Асаналиев жана Нигматилла Юлдашев.
Кыргызстандын жана Өзбекстандын башкы прокурорлору Максат Асаналиев жана Нигматилла Юлдашев.

Кыргызстан менен Өзбекстан соттолгон жарандарын бири-бирине өткөрүп берет. Тиешелүү келишимге 18-июлда эки өлкөнүн башкы прокурорлору Ташкентте кол коюшту. Соттолгондор абактагы калган жаза мөөнөтүн өз өлкөсүндө өтөйт.

Башкы прокуратура маалымдагандай, бул документ президент Садыр Жапаровдун кошуна өлкөгө жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында кабыл алынды.

Ошол эле учурда Өзбекстандагы жаза өтөөчү жайларда канча кыргызстандык бар экени тууралуу айтылган жок. Кыргызстанда да канча өзбек жараны камакта экени жана соттолгондорду алмашуу качан башталары беймаалым.

Жыл башында Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын 1500гө жакын жараны чет өлкөлөрдө жаза мөөнөтүн өтөп жатканын, алардын басымдуу бөлүгү Орусияда экенин билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG