Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:06

Пхеньянда Орусия менен аскердик кызматташтык талкууланды


Алексей Криворчуко.
Алексей Криворчуко.

Түндүк Кореянын мамлекеттик маалымат каражаттары өлкө башчысы Ким Чен Ын Орусиянын коргоо министринин орун басары Алексей Криворучкону кабыл алып, эки өлкөнүн аскердик кызматташтыгын бекемдөө тууралуу сүйлөшкөнүн 19-июлда маалымдашты.

Түндүк кореялык Борбордук маалымат агенттиги кабарлагандай, Ким жана Круворучко коопсуздукту камсыздоодогу бирдиктүү кызыкчылыктарды чогуу коргоонун маанилүүлүгүн белгилешти. Жолугушууда Орусиянын башчысы Владимир Путиндин Кимге саламы жеткирилгени айтылды, андан башка маалымат берилген жок.

АКШ жана анын өнөктөштөрү Түндүк Кореяны Орусияга курал-жарак, анын ичинен Украинага каршы колдонула турган баллистикалык ракеталарды берип, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларын бузуп жатат деп айыпташкан.

Путин бир ай мурда Пхеньянга барып, бир катар жолугушууларды өткөргөн. (RK)

XS
SM
MD
LG