Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:52

Windows көйгөйүнөн улам жүздөгөн компаниялардын иши токтоп калды


Windows глобалдык үзгүлтүккө учурап, дүйнөдөгү жүздөгөн компаниялар - аэропорттор, темир жол станциялары, банктар, супермаркеттер, телеканалдар, мамлекеттик мекемелер иштебей калды.

Бул мүчүлүштүктөн АКШ, Австралия, Жаңы Зеландия, Жапония, Индия, Түркия, Израил, Улуу Британия жана Европа өлкөлөрүндөгү компаниялар жабырзыян тартты.

Авиакомпаниялар каттамдарын токтотуп, аэропорттордо башаламандык болуп жатканы, Лондон биржасы жаңылыктарды жарыялоону токтоткону айтылууда.

Гаджеттердин экранында көк фондо “"Компьютериңизге зыян келтирбөө үчүн Windows токтотулду" деген билдирүү пайда болду”, - деп маалымдады Sky News.

Microsoft корпорациясы Windows 10 операциялык системасы CrowdStrike антивирус жаңыртуусунун катасынан улам бузулганын билдирди. Компания бул киберчабуул эместигин, кырдаалды жеңилдетүүчү чаралары көрүлүп жатканын белгиледи. (SE)

XS
SM
MD
LG