Өзбекстанда диний ишмерлерди сындап жүргөн блогер камалды

Шерали Комилов.

Өзбекстандык блогер Шерали Комилов 15-июлда Ташкент облусунда кармалганы белгилүү болду. Бул тууралуу шейшембиде "Эзгулик" укук коргоо коомунун башчысы Абдурахман Ташанов Фейсбукка жазды.

Маалыматка караганда, Комиловду бир жыл мурунку айыптоонун алкагында Тергөө комитетинин өкүлдөрү кармап кетишкен. Аны алгач Кибрай районунун Ички иштер башкармалыгына жеткирип, андан кийин Өзбекстандын Ички иштер министрлигине караштуу №1 убактылуу кармоо жайына камашканын укук коргоочу жазды.

Комиловдун батиринде тинтүү жүргүзүлүп, блогердин жеке буюмдарын жана техникасын алып кетишкен.

"Блогерди Кашкадарыя облусуна которушу мүмкүн, ага карата облустук милиция алдамчылык, жалган жалаа жабуу жана мазактоо кинелери боюнча кылмыш ишин козгогон", - деп жазды Ташанов. Ал ошондой Шерали Комилов соңку бир жылдан бери тергөөдөн жашырынып жүргөнүн кошумчалады.

Блогер өзү бир ай мурда "Озоди" радиосуна маек куруп, ага каршы бир жыл ичинде үч кылмыш иши козголуп, төрт ирет издөө жарыяланганын билдирген.

45 жаштагы Комилов мурда укук коргоо органында иштеген. Кийин жеке ишкерлик менен алектенип, блог жүргүзүп жаткан. Ал блогер катары диний ишмерлерди жана диний контент жайылткандарды сындап келген.

Дагы караңыз

Айтургандын өлүмү боюнча ишти Башкы прокуратура көзөмөлүнө алдыПрезидент Жапаров мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга баратОшто жабыркагандарга Анжиян облусунан гумжардам келди