Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Ошто жабыркагандарга Анжиян облусунан гумжардам келди


Анжиян облусунан Кыргызстанга жөнөтүлгөн гуманитардык жардам.
Анжиян облусунан Кыргызстанга жөнөтүлгөн гуманитардык жардам.

Өзбекстандын Анжиян облусунун админстрациясы Кыргызстандын Ош облусунда селден жабыркагандар үчүн гуманитардык жардам жөнөттү.

Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, 16-июлда 13 жүк ташуучу автоунаада курулуш материалдары, кийим-кече, гигиеналык каражаттар жана азык-түлүк бар.

200 тонна гумжардамды Анжиян облусунун акими Шухратбек Абдурахманов алып келип, аны “Достук” чек ара бекетинен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Кыргызстандын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев тосуп алды.

Анжияндын акими Оштун Манас-Ата конушундагы Жаңы-Маала көчөсүнүн тургундарына жолугуп, селден зыян тарткан 17 үйдү көрүп чыкты.

14-июлда катуу жаандан кийинки селден Ак-Буура дарыясы кирип, Оштогу борбордук базарды, чет жакадагы айылдарды кыян жүргөн. Беш киши каза болуп, бир нече машинени сел агызып, үйлөр, көпүрө, жолдор жарактан чыккан. Соодагерлер чоң чыгымга учураган. Ошто жана Кара-Суу районунда жүздөгөн турак жай зыян тартты.

Селдин кесепетин жоюу, келтирилген чыгымды эсептөө иши уланууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебинде, быйыл Кыргызстанда 230дан көп сел жүрүп, 20дан ашуун адам набыт кетти, миңдеген үй зыянга учурады. (SE)

XS
SM
MD
LG