Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Айтургандын өлүмү боюнча ишти Башкы прокуратура көзөмөлүнө алды


Айтурган Маматкулова жолдошуна турмушка чыккан учурда түшкөн сүрөт.
Айтурган Маматкулова жолдошуна турмушка чыккан учурда түшкөн сүрөт.

Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө экенин аталган органдын басма сөз кызматы 17-июлда билдирди.

Коомчулукта резонанс жараткан 25 жаштагы келиндин өлүмүнө байланыштуу Бишкек шаарынын Октбярь райондук Ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгогон. Милиция ишти Кылмыш-Жаза кодексинин 128-беренеси ("Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү") менен иликтеп жатат.

Айтурган Маматкулова 7-июлда Бишкектеги №4 ооруканада каза болгон. Жолдошу ал өз өмүрүнө кол салуу үчүн дары ичип алганын айткан.

Маркумдун жакындары келин мурда күйөөсүнөн зомбулугуна кабылганын, ур-токмоктон каза болгонун божомолдошууда.

Айтурган Маматкулова - Оштун тургуну. Бир жыл мурда турмушка чыгып, күйөөсү менен Бишкекте жашап жаткан.

Иш омбудсмендин да көзөмөлүндө экенин Акыйкатчы кеңсеси буга чейин маалымдаган. (SE)

XS
SM
MD
LG