Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:42

Президент Жапаров мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барат


Шавкат Мирзиёев жана Садыр Жапаров. Архив.
Шавкат Мирзиёев жана Садыр Жапаров. Архив.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 18-июлда мамлекеттик сапар менен кошуна Өзбекстанга барат. Бул тууралуу маалымат шаршембиде өлкө башчысынын сайтына жарыяланды.

Президенттик администрациянын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевдин айтымында, президенттер Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёевдин катышуусунда бир катар сүйлөшүүлөр өткөрүлөт. Ошондой эле эки тараптуу долбоорлорду онлайн ишке киргизүү аземи уюштурулат.

Сапардын алкагында Ташкентте Кыргызстандын маданият күндөрү, бизнес-форум, жогорку окуу жайлардын ректорлорунун жыйындары болот.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке мамлекеттик сапар менен 2023-жылдын январында келген.

Эки өлкөнүн жетекчилиги ондогон жылдардан бери маселе жаратып келген чек ара маселеси айрым жерлерди алмашуу жолу менен чечилгенин былтыр жарыялашкан.

2022-жылдын күзүндө Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы болгон 30га жакын саясатчы жана активист “жапырт башаламандык уюштурууга даярданган” деген шек менен камалган. Аларды Бишкектин райондук соту быйыл июнда актады. Иш прокурорлордун арызы менен азыр шаардык сотто каралууда. (SE)

XS
SM
MD
LG