Быйыл алты айда Кыргызстанда 46 адам сууга чөгүп кетти

Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көлдүн Бостери айылында көл жээкте эс алып жүргөн 18 жаштагы адам сууга чөгүп каза болду. Маалыматты "Азаттыкка" Ысык-Көл облустук милициясы тастыктады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, быйыл алты айда 46 киши сууга чөккөн. Алардын тогузу Ысык-Көлдө катталган.

Июлдун башында Ысык-Көлдө сууга сүзүп жатып, 11 жаштагы кыз чөгүп кеткени соцтармактарга жарыяланды.

Расмий маалыматка ылайык, 2023-жылы Кыргызстанда 95 адам сууга агып же чөгүп каза болгон, анын ичинен 36сы балдар. (AsK)

Дагы караңыз

Гершковичтин соту өтө турган күндүн мөөнөтү өзгөртүлдүУлуттук "Манас" театрынын жетекчиси алмаштыКытай Тажикстанда аскердик база куруп жатканы тууралуу маалыматты төгүндөдү ӨКМ таш кулашы, сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти