Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:38

Гершковичтин соту өтө турган күндүн мөөнөтү өзгөртүлдү


Эван Гершкович.
Эван Гершкович.

Орусияда соттолуп жаткан америкалык журналист Эван Гершковичтин иши боюнча кезектеги отурум белгиленген мөөнөттөн дээрлик бир ай эрте болорун 16-июлда соттун басма сөз кызматы билдирди.

Экинчи отурум 13-августта өтмөк, бирок ишти карап жаткан Свердлов райондук сотунун чечими менен 18-июлга белгиленди. Буга анын адвокаттары келтирген өтүнүч негиз болду. Сот жактоочулардын өтүнүчүн канааттандырып, отурумдун күнүн өзгөрттү.

АКШнын Орусиядагы элчилиги 26-июндагы билдирүүсүндө орус бийлиги Гершковичке коюлган айыпка эч кандай далил келтире албаганын айтып, аны тез арада бошотууга, АКШ жарандарын саясий максатта колдонууну токтотууга чакырган.

Бир жылдан ашуун убакыттан бери тергөө абагында отурган Гершковичтин соту 26-июнда башталган. Орусия "тыңчылыкка" айыптаган, ал эми АКШ «саясий иш» деп атап келаткан кабарчы боюнча соттук териштирүү Екатеринбург шаарында жабык өтүүдө.

Ал күнү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө да, Гершковичтин жакындарына жана АКШ элчилигинин кызматкерлерине да сот отурумуна катышууга уруксат берилген эмес.

АКШга мурдагы Советтер Союзунан көчүп барган иммигранттардын үй-бүлөсүндө туулган Гершкович "кансыз согуштан" бери Орусияда тыңчылыкка айыпталып жаткан алгачкы америкалык журналист.

Эгер сот ага тагылган айыпты жүйөлүү деп тапса, 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

The Wall Street Journal жана АКШ өкмөтү 32 жаштагы Гершкович расмий уруксат алып, өзүнүн кесиптик милдетин аткарып гана иштеп жүргөн кабарчы болгонун белгилеп, айыпты кескин түрдө четке кагып келишет. Айыбы жок экенин Гершкович өзү да айткан.

Кабарчы 2023-жылы март айында Екатеринбургда жумуш сапары учурунда кармалган. Ал Москванын "Лефортово" тергөө абагында кармалып келди.

Орусиянын Башкы прокуратурасы: "Тергөөчүлөр Wall Street Journal гезитинин кабарчысы америкалык Борбордук чалгын башкармалыгынын (ЦРУ) суроосу боюнча 2023-жылы март айында аскер техникасын өндүрүүчү жана оңдоочу "Уралвагонзавод" өндүрүш ишканасынын ишмердигине байланышкан купуя маалыматты чогултуп жүргөнүн аныктап, документалдуу түрдө тастыкташты", - деп билдирген.

Орусияда Гершковичтен тышкары дагы бир америкалык жаран, мурдагы деңиз аскери Пол Уилан камакта отурат. Ал да орус тарап таккан айыпты саясий мүнөзгө ээ деп, четке кагууда.

АКШнын дагы бир жараны, "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун татар-башкыр кызматынын кабарчысы, орус жарандыгы да бар Алсу Курмашева былтыртан бери Казан шаарында камакта кармалууда. Кошмо Штаттар жана радио ал журналисттик ишмердүүлүгү үчүн куугунтукталып жатканын белгилөөдө. (RK)

XS
SM
MD
LG