Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:34

ӨКМ таш кулашы, сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти


Тескей Ала-Тоосунун ак мөңгүлүү чокулары
Тескей Ала-Тоосунун ак мөңгүлүү чокулары

Өзгөчө кырдаалдар министрлигиние (ӨКМ) караштуу Кыргызгидромет кызматы 18-22-июль күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу шашылыш билдирүү таратып, өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, унаа жолдордо таш көп кулашы мүмкүн экенин эскертти. Аталган кызмат Баткен облусунун сел жүрүү коркунучу бар делген аймактарды белгилеген.

Алар: Баткен, Лейлек, Кадамжай райондору; Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Аксы, Токтогул, Ноокен райондору; Ош облусунун Ноокат, Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа жана Кара-Суу райондору; Ысык-Көлдүн Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондору; Чүй облусунун Аламүдүн, Ысык-Ата, Чүй жана Кемин райондору; Нарын облусунун Жумгал, Ат-Башы райондору; Талас облусунун Кара-Буура, Бакай-Ата жана Талас райондорунун аймактары.

Унаа жолдоруна сел жана таш кулоого кооптуу тилкелери айрыкча:

  • Бишкек – Ош унаа жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411, 426-чакырымдарында;
  • Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133-чакырымдарында;
  • Бишкек – Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-128-чакырымдарында;
  • Балыкчы – Бөкөнбаев автоунаа жолунун 64-117-чакырымдарында;
  • Талды-Суу – Арал автоунаа жолунун 4-5-чакырымдарында;
  • Ош – Раззаков унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190-чакырымдарында;
  • Мырзаке – Кара-Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56-чакырымдарында;
  • Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя автоунаа жолунун 2-4, 12-13, 22-24 -чакырымдарында сел жүрүшү жана таш көп кулашы мүмкүн.


ӨКМ жол жүрүүдө этият болуп, коопсуздук чараларын сактоого чакырды. Өзгөчө кырдаалдарга кабылгандар “112” кызматына чалса болот. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.

Расмий маалыматка ылайык, быйыл жалпысынан 230дан ашык сел болуп, андан 20дан ашык адамдын өмүрү кыйылды. Алардын ондон ашыгы балдар. (КE)

XS
SM
MD
LG