Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:43

Улуттук "Манас" театрынын жетекчиси алмашты


Азиз Биймырза уулу.
Азиз Биймырза уулу.

Кыргыз улуттук "Манас" театрынын директору Азиз Биймырза уулу кызматтан кетти.

Театрдын басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастагандай, Биймырза уулу жана анын орун басары Шайырбек Абдырахман уулу өз каалоолору менен кызматын тапшырган.

Алар коомчулукка маалымат бере элек.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовдун буйругу менен манасчы Нурбек Талантбеков аталган театрдын директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Талантбеков буга чейин аталган театрда директордун орун басары кызматын аркалап келген.

Улуттук макамга ээ “Манас” театры 2021-жылы түзүлгөн. 28 жаштагы манасчы Азиз Биймырза уулу аны ошондон бери жетектеп келген. Өкмөттөн каржыланган “Манас” театрында 83 киши иштейт. (MZh)

XS
SM
MD
LG