Ак-Буура дарыясынын ташкындашы анын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар, коопсуздук эрежелерин сактоо маселелерине көңүл бурду.
Байкоочулар бул окуя сабак болушу керектигин, маселе Коопсуздук кеңешинде каралып, чукул чаралар көрүлүшү зарылдыгын эскертип жатат.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 15-июлда Ош шаарына барып, сел каптаган борбордук базардын соодагерлери менен жолукту. Анда атайын комиссия зыян-чыгымды тактап чыккандан кийин жардам берүү маселеси чечилерин билдирди.
Кыргыз өкмөтү соңку окуядан улам алдын алуу, даярдыкка тиешелүү кандай чаралар көрүлөрүн жарыялай элек.
Оштогу апаатка байланыштуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев үн катты. Ал буга байланыштуу учкай кайрылуу жасап, алдын алуу чараларын күчөтүү керектигин билдирди.
"Ош шаарында катталган сел кырсыгы көпчүлүктү бушайманга салды. Селден улам каза болгон мекендештерибиздин жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Кырсыктын кесепеттерин тез арада жоюу менен жабыркагандарга ар тараптуу жардам көрсөтүлүшү керек... Кырсык айттырып келбейт. Бирок алдын алуу иштерин күчөтүп, жарандардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Дарыялардын жээктерин бекемдеп, ар кандай курулмаларды курууда коопсуздук эске алынышы шарт. Себеби адам өмүрү баарынан кымбат”, – деди Шакиев.
Учурда селдин кесепетин жоюу, чыгымдарды эсептөө уланып жатат. Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясы ташып, анын жээгиндеги борбордук базарды, там-ташты топон суу каптаганы көпчүлүк үчүн күтүүсүз болду.
Жогорку Кеңештин депутаты, Ош облусунун мурдагы губернатору, Ош шаарынын мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашов Ак-Буура дарыясынын жээгин бекемдеп, көтөрүү долбоорлору аягына чыкпай калганын айтып берди:
"Биз эки айдай мурда кырсыктардын алдын алуу чаралары тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигин угуп коёлу деп маселе көтөргөнбүз. Бул министрликтин мониторинг бөлүмдөрү бар. Кайсы жерде кандай маалда жаан-чачын күтүлөт, кандай коркунучтар бар экенин алдын ала болжолдоо мүмкүн. Баарыбыз эле климаттын өзгөргөнүн көрүп жатабыз. Кырсыктардын алдын алууга аракет жасасак болот.
Азыр жаан-чачын көп, кыртыш борпоң болуп калды. Мындан улам эми жер көчкүлөрдү алдын алышыбыз керек. Бизде кооптуу жерде жашаган канча жараныбыз башка жер, ссуда берилсе деле ошол жерден көчпөй, кетпей жашап жүрөт. Биз убагында, айрыкча пандемиядан кийин Ак-Буура дарыясынын жээгинде адамдардын саламаттыгын чыңдоого шарт түзөлү деген максатта долбоор жасатканбыз. Экинчиден, ушундай табигый кырсыктардын алдын алуу маселеси каралган. Долбоорлоо институттары ушундай учурлар болуп калса Ак-Буура кантип туруштук берет деп эсептеп чыккан. Экинчи максатыбыз дамбаларды чыңдоо болгон. Папан суу сактагычынан суу ташып кетиши мүмкүн. Мындай кырсыктар, мисалы, бир үй-бүлөдөн эки кызды агызып кеткен окуя болгон. Ак-Буураны дагы биз эки этап менен жасайлы дегенбиз. Биринчи этабында мэриянын, республикалык бюджеттин эсебинен каржылайбыз деп баштаганбыз. Эки тарабына тең 5,5 чакырымдан, жалпы 11 чакырымды эс алганга жай кылалы дегенбиз. Экинчи этабы Дүйнөлүк банктын көмөгү менен уланып жатат. Базардын жанында суу ашып кетпедиби, ошол жерде дагы долбоорго ылайык бийиктетишибиз керек эле. Мен азыркыдай мезгилде аларды табалагым келбейт, бирок кээ бир адамдар сын-пикирлерди айткан. Бардыгын биринчи этабындагыдай кылып дамбаны бийик кылып көтөрүп, 9-10дой көпүрөнү оңдоо керек эле. Эгер биз баштаган долбоор ишке ашканда, кечээгидей кырсык, балким, болбойт беле деген ойлор келет".
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
"Талаа-түздө өсүмдүк, бак-дарак болбосо, сел жүрөт"
Улуттук илимдер академиясынын президенти Канат Абдрахматов "Азаттыкка" комментарий берип жатып, алдын алуу иш-чараларын көрүүдө өкмөт демилге көтөрүп, тийиштүү каражаттарды бөлүп бериши керектигине токтолду:
"Даярдык керек. Илимдер академиясында ушул багытта иштеген Геология институту, Машина таануу институту дегендей илимий мекемелер бар. Алар совет убагында кеңеш берип, иштешип жүргөн. Акыркы жылдары өкмөт биздин изилдөө иштерине көп көңүл бурбай жүрөт. Климат өзгөрүп жатат, нөшөрлөгөн жамгыр көп жаайт. Буга даярданып, алдын ала билиш керек, атайын программа түзүлүшү керек. Аны ишке ашырууга өкмөт жардам бериши керек. Мурун атайын илимий изилдөө өткөрчү элек. Азыр селге каршы дамбаларды кайсы жерлерде куруш керектигин аныктаган пландарды түзүү зарыл. Ал бир-эки күндө же бир-эки айда бүтүп калчу жумуш эмес. Буга жок дегенде бир-эки жыл талап кылынат, ага даярданып, анан өкмөткө сунуштарыбызды беришибиз керек. Сел өзүнөн өзү эле пайда болбойт. Эң ириде талаа-түздө өсүмдүк, бак-дарак болбосо ошондо пайда болот. Тилекке каршы, азыр айылдарда муну көп ойлонбой калышкан. Чөптү мал тепселеп салган. Ошондуктан мамлекеттик программа түзүлүп, ага бир топ каражат бөлүнүшү керек. Өкмөт ар бир айыл өкмөткө, районго карта, план түзүп, аны таркатышы керек".
Дагы караңыз "Кырсыктын алдын алышса болмок". 15тен ашуун өмүрдү алган селдин сабагы
Кыргыз өкмөтү ушул айдын башында селдин кесепетин жоюуга байланыштуу ыкчам штаб түзүлгөнүн, аны президенттин Ош облусундагы өкүлү жетектеп, көзөмөлдөөрүн билдирген. Өкмөт башчы Акылбек Жапаров соңку окуялардан улам бийлик бардык аракеттерди көрүп жатат деп ишендиргенге аракет кылган.
Юрист Таттуубүбү Эргешбаеванын пикиринде, өкмөт азыркы табигый кырсык-коркунучтарга толук даяр боло албай жатат. Ал сел өңдүү табигый кырсыктар, анын кесепет-зыяны тууралуу маселе Коопсуздук кеңешинде каралышы керек деп эсептейт:
"Соңку 1,5 жылдын ичинде Ош жана Жалал-Абад облустарында бир нече ирет өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги колунан келгенин жасап жатат. Бирок координациялык ишти жасаганга Коопсуздук кеңеши бар, анын башчысы - президент өзү. Бардык программалардын алкагында президент климат өзгөргөнүнө байланыштуу мамлекеттик программаларды дагы күчөтөбүз деген убадаларды берип, алгачкы программа, сунуштар болгон. Ошол айтылган ойлор тийиштүү программага кирген эмес, аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнүн компетенциясы, ыйгарым укуктары кайра такталган эмес. Климаттан улам Борбор Азиядагы бир топ жагдай өзгөрүп жатат, бирок аткаруу бийлигинин потенциалы ага ылайыкташкан эмес. Бул маселени тез арада чечпесек, кесепети дагы оор болушу мүмкүн. Азыр айрымдары дамба жарылып кетти, дамбаны караш керек деп айтып жатат. Бирок бул жерде бардык инфраструктураны баалап, изилдеп чыгыш керек. Мындай баалоо тээ илгери, союздун тушунда болгон. Азыр эми жарым-жартылай өзгөртүлүп, оңдолгону менен, жалпы система мурунку бойдон эле кала берген. Ошонун айынан бир жерин жамаса, башка жери жыртылат. Демек, Коопсуздук кеңешинин алкагында президент жана анын командасы сапаттуу чечимдерди кабыл алып, аткаруу бийлигине тезирээк мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бериши керек".
Дагы караңыз "Борбор Азияда абанын табы 1-3 градуска көтөрүлдү"14-июлда нөшөрлөп жааган жаандан улам Ош облусунун бир катар аймактарында жүргөн катуу сел беш кишини агызып кетип, төртөөнүн сөөгү табылды. Бир аял изделип жатат. Бөөдө кырсыкка кабылгандардын төртөө бир үй-бүлөдөн - 44 жаштагы келин жана анын 6, 10, 19 жаштагы кыздары. Баарынын тең сөөгү табылды.
Ошто 14-июлда кыздары менен селге аккан 44 жаштагы келин бир топ жылдан бери үй-бүлөсү менен Орусияда миграцияда жүрүп, чоң кызын турмушка узатуу үчүн жакында Кыргызстанга келген. Бул тууралуу маркумду тааныгандар "Азаттыктын" кабарчысына айтып беришти. Алардын сөзүнө караганда, келиндин төрт баласы бар.
Шаардык мэрия келин үч кызы менен шаардын четиндеги Төлөйкөн айылындагы Мөл-Булак деген эс алууда жүргөндө сел агызып кеткенин билдирди. Жолдошу жана уулу аман калган.
Кыргызстанда быйылкы жаз-жай айлары жаанчыл болуп, нөшөрлөп катуу жамгыр жаап, дээрлик бардык аймакта сел жүрүп жатат.
Расмий маалыматка ылайык, быйыл жалпысынан 230дан ашык сел кырсыгы катталып, андан 20дан ашык адамдын өмүрү кыйылды. Алардын ондон көбү - балдар.
Жолдорду ташкын суу жууп, көпүрөлөр кыйрады, жергиликтүү тургундар ири зыянга учурап жатат. Буга чейинки болгон селдин чыгымы алдын ала 170 миллион сомдон ашты деп эсептелген эле.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.