Кыргыз-өзбек делегациясы эл аралык жүк ташуу маселесин талкуулады

Транспорт жана коммуникация министрлиги тараткан сүрөт. 15-июль, 2024-жыл

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери Бишкек шаарында Өзбекстандан келген кесиптештери менен жолугуп, эл аралык жүк ташуу маселесин талкуулады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлады. Маалыматка караганда, жолугушууда 2025-жылга эл аралык жүк ташууга керектелчү уруксат кагаздарынын өлчөмүн көбөйтүүнү сүйлөштү.

Өзбек делегациясын Транспорт министрлигине караштуу Логистика жана транспорт маселелерин изилдөө, өркүндөтүү борборунун башчысы жетектеп келди. Алар менен Кыргызстандын Транспорт башкармалыгынын башчысы Аскар Эсеналиев баштаган министрликтин кызматкерлери жолукту.

Транспорт жана коммуникация министрлиги тараткан сүрөт. 15-июль, 2024

Аталган мекеме жүк ташууга байланыштуу быйыл канча уруксат кагазы берилгенин жана ал канчага көбөйтүлөрүн тактаган жок.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектеги кыргыз-өзбек бизнес форумунда эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү өскөнүн билдирген. Ага ылайык, 2022-жылы 11 айда бул көрсөткүч 543 миллион доллардан ашкан. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 21% жогору болгон. (КЕ)

Дагы караңыз

Орусияда мигрантка өз тилинде шыбырашууга, курмандыкка мал союуга чектөө киргизилет Бишкекте Украинанын мамлекеттүүлүк күнүнө карата иш-чара өттүАз камсыз болгон 146 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификат берилдиБайден жана Трамп америкалыктарды улуттук биримдикке үндөштү