Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:58

Аз камсыз болгон 146 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификат берилди


Сертификат.
Сертификат.

"Социалдык келишим" долбоорунун алкагында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы 146 жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө өз ишин баштоо үчүн 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды. Бул тууралуу 15-июлда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады. Министрдин орун басары Кыял Жанузакова ушул программанын алкагында эки жылдын ичинде райондо 109 бизнес долбоор, алардын басымдуу бөлүгү айыл чарбасында (60), өндүрүштүк сектордо (42), кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө (2), соода чөйрөсүндө (5) ишке ашырылганын белгиледи.

Буга чейин белгилүү болгондой, 2022-жылы 2800 адам, 2023-жылы 10 миң адам мамлекеттен ушул багытта көмөк алган. 2024-жылы өкмөт 2 млрд сом бөлгөн, бул 20 миң адамга жетет. Дүйнөлүк банктын жардамы менен дагы 3 миң үй-бүлө, ошондо жалпы 23 миң киши быйыл бизнес үчүн 100 миң сомдон старттык каражатка ээ болмокчу.

Статистикалык комитеттин эсеби боюнча, Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 2019-жылы 20% чейин түшкөн. 2020-жылы пандемиялык шарттан улам бул көрсөткүч 25% чыгып, 2021-2022-жылдары 33% чейин жогорулап кеткен. Бул деген өлкө калкынын үчтөн бир бөлүгү жакыр жашайт дегенди түшүндүрөт.

“Социалдык келишим” долборунун алкагында жардам алгандардын 95,8% айыл жеринде жашаган аялдар түзөт. Иш баштагандардын дээрлик 71% айыл чарба тармагына мүнөздүү экен. Анын ичинде мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү, бал аарычылык, күнөскана, канаттуулар чарбасын ачкандар көп. (КЕ)

XS
SM
MD
LG