Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:37

Орусияда мигрантка өз тилинде шыбырашууга, курмандыкка мал союуга чектөө киргизилет


Орусия. Эмгек мигранттары орус тили боюнча экзаменде.
Орусия. Эмгек мигранттары орус тили боюнча экзаменде.

Орусиянын Улуттар иштери боюнча федералдык агенттиги (ФАДН) Борбор Азиядан барган эмгек мигранттары үчүн адаптациялык жаңы курс иштеп чыкканын бүгүн 15-июлда "Коммерсант" басылмасына таянып «Свобода» радиосу жазды. 70 мүнөттүк лекцияда Орусиянын миграция жана эмгек мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдары, бул өлкөдө чет элдик жаран өзүн кандай алып жүрүшү керектиги, эгер мыйзам бузса кандай жоопкерчилик, жаза чарасы каралганы жана тарых тууралуу маалымат камтылган.

Мигрант орус тилин билиши, тааныбаган кишилерге "брат" же "сестра" деп кайрылбашы, башкаларды өз эне тилинде талкуулабашы керектиги, алардын көзүнчө өз тилинде шыбырашып сүйлөшүүгө да болбой турганы белгиленген.

Ошону менен катар Орусия светтик мамлекет экени, адам динге болгон мамилесин ачык көрсөткөнү, көчөдө диний жөрөлгө кылганы же коомдук жайда намаз окуганы туура эместиги, курмандыкка мал союу болбой турганы эскертилген.

Улуттар иштери боюнча федералдык агенттик мигранттар үчүн даярдалган бул курсту иштеп чыгып бүтүп калганын 2023-жылдын сентябрында жарыялаган. Өткөн аптада мекеме аны Калининград, Москва облустарында, Пермь жана Краснодар крайларында жана Якутияда колдонуп көрө башташканын маалымдаган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти Орусияда 411 миңден ашык кыргызстандык мигрант бар экенин быйыл 10-июнда билдирген. 2022-жылы бул сан 587 миң болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG