Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:55

Бишкекте Украинанын мамлекеттүүлүк күнүнө карата иш-чара өттү


Украинанын мамлекеттүүлүк күнүнө карата уюштурулган иш-чара. 15-июль, 2024-жыл.
Украинанын мамлекеттүүлүк күнүнө карата уюштурулган иш-чара. 15-июль, 2024-жыл.

Украинанын мамлекеттүүлүк күнүнө арналган иш-чара Орусия менен согушту баштан кечирип жаткан украин элине тилектештик билдирүү максатында уюштурулган. Ага Украина, Жапония, Америка, Франция жана Швейцариянын Кыргызстандагы элчилери, бир катар укук коргоочулар жана жарандык активисттер катышты.

Жыйында жарандык активист Адил Турдукулов тарткан “Биздин Украина” аттуу даректүү тасма көрсөтүлдү. Анда Борбор Азиядан барып, согуш башталганда Украинаны таштап кетпей жашап жаткан адамдардын жашоо-турмушу баяндалган.

Орусия Украинага 2022-жылдын 24-февралында кол салган.

Украина Батыштагы союздаштары жөнөткөн курал-жарактын жардамы менен орусиялык чабуулдарга туруштук берип тура алган, бирок былтыр андай жардам дээрлик токтоп, фронтто оор абал түзүлгөн. Быйыл жазында гана жардам кайра улана баштады.

Орусия май айынын башында Харьков облусунда чакан чабуулдарын баштагандан бери Украина коргонуусун турукташтыруу үчүн көптөгөн тажрыйбалуу бөлүктөрүн башка жакка жайгаштырууга аргасыз болгон. Мындай кадам украин бөлүктөрүнүн жайгашуусун кеңейтип, фронт тилкесинде буга чейин Орусия пайдаланып келген жерлерде боштук жаратты.

Украин президенти Владимир Зеленский 14-июлда НАТОнун Вашингтондогу саммитинде дүйнө лидерлери менен бир катар жолугушуулардан кийин өлкөгө кошумча аскерий жардам келе жатканын айтты.

Орус армиясы азыр дээрлик күн сайын Украинанын аймагына ракета жана дрон чабуулдарын улантууда.

Эң оор салгылашуу Донецкинин түндүгүндөгү мурдагы кенчилер шаарчасы Торецкиде жана андан ары түндүктөгү Часов Ярдын жанында жүрүп жатат. (MZh)

XS
SM
MD
LG