Байден жана Трамп америкалыктарды улуттук биримдикке үндөштү

АКШ.

АКШ президенти Жо Байден жана республикачылардан талапкер, мурдагы президент Дональд Трамп Пенсильваниядагы окуядан кийин өлкөнү биримдикке үндөштү. 14-июлдун кечинде жалпы америкалыктарга жолдогон теле кайрылуусунда Байден Трампка кол салууну айыптап, саясатта зомбулук болбошу керектигин белгиледи.

"Биз саясатыбыздагы градусту төмөндөтүшүбүз керек болууда. Мындай зомбулук норма болуп калышына жол бербөө зарыл. Биздин өлкөдө саясий риториканын курчушу өтө жогорулап кеткен. Аны төмөндөтүүгө мезгил келди. Муну ишке ашыруу – баарыбыздын жоопкерчилигибиз», – деди Байден жана саясат «согуш талаасына» айланбашы керектигин, кандай гана пикир келишпестик болбосун, баары добуш берүү жолу менен чечилиши зарылдыгын белгиледи. Ал Трамп менен телефондон «кыска, бирок жакшы сүйлөшкөнүн» ага чейин билдирген.

Трамп Washington Examiner басылмасынын суроолоруна жооп берип жатып съездде «эки күн мурдагыдан кыйла айырмалана турган» сөзүн айтарын билдирди.

Truth Social социалдык түйүнүнө ал «Учурда биз бирдиктүү болушубуз, күчтүү жана чечкиндүү болуп, америкалык жаран катары чыныгы мүнөзүбүздү көрсөтүүбүз болуп көрбөгөндөй маанилүү» деп жазды.

13-июлда Трамп Пенсильвания штатынын Батлер шаарында шайлоочулары менен жолугушуу өткөрүп, трибунада сүйлөп жаткан учурда атылган ок анын оң кулагын чийип кетип, жараат алган. Абалы жакшы, өмүрүнө коркунуч жок экени маалымдалган. Полиция бул окуяны кол салуу аракети деп иликтеп жатканын билдирген. Ок чыгарган киши 20 жаштагы жергиликтүү тургун Томас Мэтью Крукс экенин, ал иш-чара өтүп жаткан жерден анча алыс эмес жайгашкан имараттардын биринин чатырынан атканын, өзү ошол жерден жок кылынганын ФБР кабарлаган.

Окуя республикачылар быйыл күзүндөгү президенттик шайлоого өз талапкерин расмий түрдө көрсөтө турган съездге саналуу күндөр калган учурда болду. Съезд 18-июлда Висконсин штатынын Милуоки шаарында жыйынтыкталат. (RK)

Дагы караңыз

"Эс алууга чыкканда агып кетти". Өмүрдү алган селҮч кызы менен селге аккан келин Орусияда иштеп, той өткөрүү үчүн Ошко келгенАба ырайы: сел коркунучу сакталатСелден кийин жасаты табылган келиндин тек-жайы аныкталды