Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:12

Аба ырайы: сел коркунучу сакталат


Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 15-17 июль күндөрү туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

16-июлда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Айрым жерлерде нөшөрлүү жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 26…31;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 12…17, күндүз 21…26;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 3…8 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күңдүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18°, күндүз 28…30° болот.

XS
SM
MD
LG