Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:07

Селден кийин жасаты табылган келиндин тек-жайы аныкталды


Селден кийинки көрүнүш.
Селден кийинки көрүнүш.

Ошто селден кийин жасаты табылган келиндин тек-жайы аныкталды. Ал жекшемби күнкү апаатта үч кызы менен агып кеткен 44 жаштагы жергиликтүү тургун экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Сөөгү 15-июлда түш ченде калаанын Катта-Терек тилкесинде Ак-Буура дарыясынан - Өзбекстандын чек арасына жакын жерден табылган.

Бир күн мурун алты жашар кыздын сөөгү Өзбекстандын Анжиян облусундагы Шахрихансай каналынан чыккан.

14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белин, Төлөйкөн айылын суу каптаган. Бир келинди үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кеткени кабарланган.

Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен. Шаарга өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Буга чейин Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратып, 11-17-июль күндөрү нөшөрлүү жаан-чачындан улам өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертип келатат.

Расмий маалыматка ылайык, быйыл жалпысынан 230дан ашык сел болуп, андан 17 адамдын өмүрү кыйылды жана алардын онго жакыны балдар. (SE)

XS
SM
MD
LG