Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:11

Үч кызы менен селге аккан келин Орусияда иштеп, той өткөрүү үчүн Ошко келген


Алты жашар кызды акыркы сапарга узатуу учуру.
Алты жашар кызды акыркы сапарга узатуу учуру.

Ошто 14-июлда селде кыздары менен агып кеткен 44 жаштагы келин бир топ жылдан бери үй-бүлөсү менен Орусияда миграцияда жүрүп, чоң кызын турмушка узатуу үчүн жакында Кыргызстанга келген. Бул тууралуу маркумду тааныгандар "Азаттыктын" кабарчысына айтып беришти. Алардын сөзүнө караганда, келиндин төрт баласы бар.

Шаардык мэрия келин үч кызы менен шаардын четиндеги Төлөйкөн айылындагы Мөл-Булак деген эс алууда жүргөндө сел агызып кеткен. Жолдошу жана уулу аман калган.

Кыздардын апасынын сөөгү 15-июлда Ак-Буура дарыясынан - Өзбекстанга жакын жерден табылды. Бир күн мурун 6 жашар кызынын жасаты Өзбекстандын Анжиян облусундагы Шахрихансай деген каналдан чыккан. Ал Ошто дүйшөмбү күнү жерге берилди.

14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белин, Төлөйкөн айылын суу каптаган. Бир келинди үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кеткени кабарланган.

Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйлөрдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен. Шаарга өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Буга чейин Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратып, 11-17-июль күндөрү нөшөрлүү жаан-чачындан улам өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертип келатат.

Расмий маалыматка ылайык, быйыл жалпысынан 230дан көп сел болуп, андан 20дан ашуун адамдын өмүрү кыйылды, алардын онго жакыны балдар. (SE)

XS
SM
MD
LG