Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 15-17 июль күндөрү туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.
16-июлда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Айрым жерлерде нөшөрлүү жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 26…31;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 12…17, күндүз 21…26;
Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 3…8 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күңдүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18°, күндүз 28…30° болот.
Дагы караңыз
Селден кийин жасаты табылган келиндин тек-жайы аныкталдыБУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши Кыргызстан демилгелеген резолюцияны кабыл алдыОшто сел агызып кеткен дагы бир адамдын сөөгү табылды Ош: селден кийин дайынсыз болгон төрт жаранды издөөгө 350 адам тартылды