Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:11

Ош: селден кийин дайынсыз болгон төрт жаранды издөөгө 350 адам тартылды


Ош шаарындагы базар селден кийин.
Ош шаарындагы базар селден кийин.

Селдин кесепетинен дайынсыз болгон төрт жаранды издөөгө 350 адам тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 15-июлда билдирди. Куткаруучулар төрт топко бөлүнүп, издөө-куткаруу иштерин жүргүзүп жатат. Маалыматка караганда, куткаруучулар Ош шаарынын Төлөйкөн айылындагы Мөл-Булак эс алуу жайында, Ак-Буура каналынын түштүк-чыгыш тарабы (студенттер шаарчасы) , Ак-Буура каналынын жээгиндеги Токтогул сейил багы, Ош шаарынын борбордук базар тарабында иштеп жатышат.

14-июлда түштөн кийин жааган жаандан улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белин, Төлөйкөн айылын суу каптаган.


Ош облусунун бир катар аймактарында жүргөн катуу сел беш кишини агызып кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Сел агызган алты жашар кыздын сөөгү түнкү 22:40да Өзбекстанда табылганын ӨКМ билдирген.

Буга чейин сел 44 жаштагы келинди үч кызы менен агызып, алар изделип жатканы кабарланган. Бир нече машине сууга агып кетти. Соодагерлер, жергиликтүү тургундар чоң чыгымга учурады. Шаарда өзгөчө кырдаал режими өкүм сүрүүдө.

Буга чейин Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратып, 11-17-июль күндөрү нөшөрлүү жаан-чачындан улам өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертип жаткан.

Кыргызстанда быйылкы жаз-жай айлары жаанчыл болуп, дээрлик бардык аймакта сел жүрүп жатат.

Расмий маалыматка ылайык, буга чейин 230дан ашык сел кырсыгы катталып, андан 17 адамдын өмүрү кыйылды жана алардын онго жакыны балдар болгон. Жолдорду топон суу жууп, көпүрөлөр кыйрады, жергиликтүү тургундар ири зыянга учурады. Селдин чыгымы алдын ала 170 миллион сомдон ашты деп эсептелген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG