Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:16

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши Кыргызстан демилгелеген резолюцияны кабыл алды


БУУнун логотиби.
БУУнун логотиби.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча кеңеши Кыргызстан демилгелеген резолюцияны бир добуштан кабыл алды. Жыйын 11-июлда болду.

Резолюциянын максаты чакан же Женевада өкүлчүлүгү жок мамлекеттердеги адам укуктарына байланышкан маселелерди жакшыртууну көздөйт. Ошондой эле Бишкектин эл аралык агенттиктер менен конструктивдүү мамиле түзүүсүнө, өнүгүп келе жаткан, чакан, арал өлкөлөргө колдоо көрсөтүүгө багытталган.

Расмий Бишкек 15-июлда кабарлагандай, документтин долбоорун Кеңештин мүчөлөрүнө Кыргызстандын БУУдагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Омар Султанов тааныштырды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул резолюцияны БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши тышкы саясатынын гармониялуу уландысы деп сыпаттады. (SE)

XS
SM
MD
LG