Селден улам Жалал-Абад - Казарман, Ноокат - Араван, Мырзаке - Кара-Шоро жолдору убактылуу жабык турат

Транспорт жана коммуникация министрилиги тараткан сүрөт. 15-июль.

Нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Ош облусунун Кара-Суу, Алай, Араван, Өзгөн, Ноокат райондору, Баткен облусунун Лейлек, Кадамжай жана башка райондордо жолдорду калыбына келтирүү, тазалоо иштери уланууда.

Транспорт жана байланыш министрлигинин 15-июлдагы маалыматына караганда, учурда Жалал-Абад-Казарман (63-98-чакырымдар аралыгы), Ноокат-Араван (9-чакырымы), Мырзаке-Кара-Шоро (49-51-чакырымдар аралыгы) унаа жолдору убактылуу жабык. Жеринде аймакты тейлеген жолчулар жана атайын техникалар иштеп жатат.

Ак-Терек-Папан-Кожокелең (1-чакырымы), Ош-Төлөйкөн (7,4 жана 8,5-чакырымы), Топ-Жаңгак-Кара-Суу, Тамаша-Кызыл-Булак (7 жана 16-17-чакырымдар аралыгы), Бишкек-Ош (660-чакырымы), Ош-Баткен-Раззаков (63 жана 57-58-чакырымдар аралыгы), Ош-Сары-Таш-Эркечтам (42-44-чакырымдар аралыгы) жана башка сел жүргөн унаа жолдор тазаланып, каттам берилди. Азыркы тапта бир тараптуу болгон жолдорду кеңейтүү, суу жеп кеткен тилкелерди калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

14-июлда түштөн кийин жааган жаандан улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белин, Төлөйкөн айылын суу каптаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бир кыздын сөөгү табылып, төрт киши изделип жатканын билдирди. Буга чейин сел агызып кеткен жети машина алып чыгарылганы кабарланган.

Селден улам Ош шаарынын аймагына өзгөчө кырдаал абалы киргизилген. Азыр атайын техника иштеп, селдин кесепеттерин жоюу иши уланып жатканы кабарланды.

Сел суулары Баткен районунун да айрым айылындагы үйлөрдүн короосуна кирди.(КЕ)

Дагы караңыз

Израил ХАМАСтын лидерлеринин бири өлтүрүлгөнүн билдирдиОш шаарында селдин кесепетин жоюу иштери улануудаОшто сел агызып кеткен кыздардын биринин сөөгү Өзбекстандан табылдыОрусия дагы бир украин кыштагын ээлеп алганын билдирди