Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:34

Орусия дагы бир украин кыштагын ээлеп алганын билдирди


Украина. Торецк шаары.
Украина. Торецк шаары.

Орус аскерлери Украинанын түштүк-чыгышындагы чакан кыштактардын бирин ээлеп алганы маалымдалууда. Бул орус армиясы украин аскерлерине каршы тынымсыз чабуулдарын улантып жатканын айгинелейт.

Орусиянын Коргоо министрлигинин 14-июлдагы билдирүүсүндө «Восток» күчтөрүнүн бөлүктөрү «ийгиликтүү иш-аракеттердин натыйжасында» Донецк аймагындагы Урожайное кыштагын басып алганы, аны тазалоо жана минадан тазалоо иштери жүрүп жатканы кабарланды.

Урожайное Донецк шаарынын батыш тарабындагы Мокрые Ялы дарыясынын боюнда жайгашкан бир нече кыштактын бири. 1200 чакырымдык фронт тилкесиндеги бул кыштак украин аскерлери кыйынчылык менен кармап турган жер болчу.

Азыркы тапта эң оор салгылашуу Донецкинин түндүгүндөгү мурдагы кенчилер шаарчасы Торецкиде жана андан ары түндүктөгү Часов Ярдын жанында жүрүп жатат.

Орусия май айынын башында Харьков облусунда чакан чабуулдарын баштагандан бери Украина коргонуусун турукташтыруу үчүн көптөгөн тажрыйбалуу бөлүктөрүн башка жакка жайгаштырууга аргасыз болгон. Мындай кадам украин бөлүктөрүнүн жайгашуусун кеңейтип, фронт тилкесинде буга чейин Орусия пайдаланып келген жерлерде боштук жаратты. Украин президенти Владимир Зеленский 14-июлда НАТОнун Вашингтондогу саммитинде дүйнө лидерлери менен бир катар жолугушуулардан кийин өлкөгө кошумча аскерий жардам келе жатканын айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG