Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:02

Ош шаарында селдин кесепетин жоюу иштери уланууда


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.

Ош шаарындагы борбордук базарда селден кийинки калыбына келтирүү иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) билдиришинче, жалпысынан 120 куткаруучу "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери менен бирге Ак-Буура дарыясынын жээгинде издөө, куткаруу иштерин жүргүзүп жатат.

14-июлда түштөн кийин жааган жаандан улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белин, Төлөйкөн айылын суу каптаган.


Ош облусунун бир катар аймактарында жүргөн катуу сел агызып кеткен алты жашар кыздын сөөгү Өзбекстанда табылганын ӨКМ билдирди. Мекеме кыздын сөөгү Кыргызстанга "Достук" чек ара бекетинен өткөрүп алынарын, дагы эки аялдын жана эки кыздын сөөгү изделип жатканын кошумчалады.

Бир нече машине сууга агып кетти. Соодагерлер, жергиликтүү тургундар чоң чыгымга учурады. Шаарда өзгөчө кырдаал режими өкүм сүрүүдө.

Жекшемби күнү 18:15тер чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагынын Аэропорт, Өрүкзар участкаларында 10, Ак-Сай айыл аймагынын Үч-Дөбө айылында 3-4 үйдүн короосуна сел суулары кирген. ӨКМ Баткен облусундагы сел каптаган аймактарында ыкчам топ иштеп жатканын кабарлады.

Буга чейин Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратып, 11-17-июль күндөрү нөшөрлүү жаан-чачындан улам өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертип жаткан.

Кыргызстанда быйылкы жаз-жай айлары жаанчыл болуп, дээрлик бардык аймакта сел жүрүп жатат.

Буга чейинки расмий маалыматка ылайык, быйыл жалпысынан 230дан ашык сел кырсыгы катталып, андан 17 адамдын өмүрү кыйылды жана алардын онго жакыны балдар болгон. Жолдорду топон суу жууп, көпүрөлөр кыйрады, жергиликтүү тургундар ири зыянга учурады. Селдин чыгымы алдын ала 170 миллион сомдон ашты деп эсептелген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG