Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:52

Израил ХАМАСтын лидерлеринин бири өлтүрүлгөнүн билдирди


Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан-Юнис шаары
Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан-Юнис шаары

Израил армиясы ишемби күнү Газа секторунун түштүгүнө жасалган соккунун жыйынтыгында ХАМАС (АКШда жана ЕБде террордук деп жарыяланган) тобунун талаа командирлеринин бири Рафе Салама өлтүрүлгөнүн кабарлады. Маалыматка караганда, Салама өткөн жылы 7-октябрда Израилге кол салууну уюштургандардын бири болгон.

Ошондой эле ХАМАСтын башчыларынын бири Мохаммед Дейфтин тагдыгыры белгисиз болууда.

Израил ишемби күнкү чабуулу “хамасчылар гана топтолгон, жай тургундар жок, ачык жерге” урулганын, максаты ХАМАСтын башчыларынын бири Мохаммед Дейфти жана Хан-Юнистеги бригада командири Рафа Саламаны жок кылуу болгонун, алар жай тургундар арасында жашынууга аракет кылганын, бирок сокку чалгын маалыматынын негизинде так урулганын билдирген.

Айрым маалымат булактары Дейф менен Салама бул операция маалында жок кылынганын жазышса, айрымдары алар качып кетүүгө үлгүргөнүн кабарлап жатышат.

ХАМАС топтун башчысы тирүү экенин айтып, кеминде 90 карапайым палестин тургунунун өмүрү кыйылышына Израилди күнөөлөр жатат.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги ракета качкындардын лагерине тийгенин билдирди. Израил армиясы качкындар лагерине кол салуу тууралуу маалыматты четке какты.

Газадагы азыркы согуш 2023-жылы 7-октябрда ХАМАС Израилдин аймагына кол салганда башталган. Ошол күнү 1200дөй киши өлтүрүлгөн, 250дөй кишини согушкерлер Газага барымтага алып кеткен.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемесинин соңку маалыматына караганда, ошондон бери Израилдин чабуулдарынан 38 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды, дагы 88 миңдей киши жараат алды. Анклавдын 2,3 миллионго жакын калкынын көбү улам бир аймакка барып, качкын болуп жашоодо. Эл аралык уюмдар Газа калкын ачарчылык да тооруп турганын айтууда. Согуштун айынан Израилдин дарегине палестин калкына карата геноцид тууралуу айыптоолор айтылууда, өзү антип айтууга эч негиз жок экенин белгилеп, ХАМАСты жок кылмайынча өз коопсуздугуна коркунуч сакталып тура берерин билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG