Министрлик шылуундар жөлөк пул жөнүндө жалган маалымат таратканын эскертти

Министрлик тараткан сүрөт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жөлөк пул көтөрүлүп, 25 миң сомго жеткени тууралуу социалдык тармактарда жалган маалымат тарап жатканын билдирди. Мындан улам жарандарга кайрылып, фейктерге ишенбөөгө, интернеттеги шылуундарга алданып калбоого чакырды.

"Сураныч, жогорулатылган жөлөк пул тууралуу шилтемени ачпаңыздар. Бул фейк маалымат. Ошентип, шылуундар сиздин эсептериңизге же жеке маалыматтарыңызга кирүүгө аракет кылышы мүмкүн. Министрликтин бардык маалыматтары расмий сайтка, соцтармактардагы баракчаларына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына чыгат”.

Кыргызстанда соңку учурда интернетте шылуундук кылган, телефон чалып алдагандар, кибер-кылмыштуулук көбөйгөнү айтылып жатат.

Тиепшелүү мамлекеттик органдар, банктар интернет колдонуучулар, жарандар сак болушу керектигин, шектүү шилтемелерди ачпай, күмөндүү телефон чалууларга ишенбөө зарылдыгын эскертет.

Дагы караңыз

ИИМ Ысык-Көлдө уурулукка кынык алган топ кармалганын билдирдиДонецкиде орус армиясынын аба соккусунан алты адам мерт болдуЖК: кыргыз жарандарын чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу маселеси талкууландыЖМК: Украинадагы согушта жарым жылда 10 миңден көп орусиялык мерт болду