Казакстанда Украинадагы согушту айыптаган пенсионердин өкүмү өзгөрүүсүз калды

Калима Жапарова.

Казакстанда Орусияны Украинага согуш ачканы үчүн айыптаган пикирин ачык билдирген улгайган пенсионер аялдын өкүмү өзгөртүүсүз калтырылды. Бүгүн 12-июлда Шымкенттин кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясы «улут аралык кастыкты козуткан» деп соттолгон 63 жаштагы Калима Жапарованын апелляциялык даттануусун канааттандырган жок, анын күнөөсү толук далилденгенин белгиледи жана өкүмдү өзгөртүүдөн баш тартты.

Жапарова мындай чечимге макул эместигин, күнөөсү жоктугун билдирип, андан кийинки соттук инстанцияга барып арызданарын айтты. Анын белгилешинче, соттук-медициналык экспертиза кастыкты козута турган сөз айткан эмес деген тыянак чыгарган.

Тергөө жана негизги сот отурумдары жүрүп жаткан маалда пенсионер аялды жети айга жакын убакыт бою камакта кармашкан.

Коомдук транспортто кетип баратып элдин көзүнчө айткан сөздөрү жалпы орус калкына эмес, «украин мамлекетине каршы баскынчылык согуш жүргүзүп жаткан топко» жана жеке Владимир Путинге жолдонгонун билдирип келаткан Жапарованы быйыл 24-майда Шымкенттин район аралык соту эки жылга соттогон.

Казакстандык укук коргоочулар тобу аны жана дагы бир нече кишини «саясий туткундар» тизмесине кошкон. (RK)

Дагы караңыз

12-июль: Орусияда учак кулады, Жапаров мүрзөгө эстелик коюудан баш тартууга чакырдыПакистан: Хандын партиясын колдогон чечим чыкты Москва облусунда учак кулап үч киши каза тапканы кабарланууда "517 гектар жер жарактан чыкты". Кен казуунун орду толгус кесепети