Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:47

12-июль: Орусияда учак кулады, Жапаров мүрзөгө эстелик коюудан баш тартууга чакырды


 "Сухой Супержет" учагы
"Сухой Супержет" учагы

12-июлда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Москвага жакын Коломна шаарынын четинде "Сухой Супержет" жүргүнчү учагы кулап түштү. Анда экипаждын үч мүчөсүнөн башка жүргүнчүлөр болгон эмес. Үчөө тең набыт кеткени кабарланууда.

ТАСС агенттиги кабарлагандай, учак пландык оңдоодон кийин Луховица аэропортунан Внукового аба майданына учуп баратканда кулаган.

Baza басылмасы жазганына караганда, экипаж кырсык сигналын жандырып, авариялык конуу үчүн тегеренип учкан. Үчүнчү жолку айланууда кулаган.

Кырсыкка кабылган "Сухой Супержет 100" учагы 2014-жылы чыгарылган жана "Газпром Авиа" компаниясына таандык болгон. "Агентство.Новости" бул учак соңку эки жылда кеминде эки жолу бузулганын жазды.

Президент Садыр Жапаров элди маркумдарды жерге берүүдө ашыкча чыгымдан баш тартып, мүрзөгө эстелик тургузуп, тегерек-четин коруп албоого чакырды.

Бул тууралуу мамлекет башчы “Ала-Тоо 24” телеканалы жасаган “Көрүстөндөр көйгөйү” видео материалында айткан. Садыр Жапаров Кыргызстандын ансыз да түздүк жерлери аз экенин, эгерде сөөк коюлган жерлер кийин кайра иштетүүгө берилбесе элди турак жай менен камсыз кылуу, азык-түлүк маселеси курчуй турганын эскертти. Ал Ысык-Көл облусунда жакындары жерге берилген жерге барып, каза болгон баласына да эстелик тургузбаганын айтып, чоң атасы менен чоң энеси жерге берилген жайды көрсөткөн.

Ошондой эле Кыргызстанда көрүстөндөрдүн бирдиктүү дизайны иштелип чыгарын Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев 12-июлда Бишкектеги брифингде билдирди. Анын айтымында, демилге президентке таандык жана адистерге тапшырма берилди.

Орусия катталып иштеген жери жок, расмий түрдө жумушсуз деп эсептелген мигранттардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн бул өлкөгө кирүүсүнө тыюу салууну көздөөдө.

Өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин чечими менен Ички иштер министрлигине жана башка тийиштүү мекемелерге чет өлкөлүк жумушчулардын жакындарынын Орусияга кирүүсүн чектөө сунушун изилдеп чыгып, тийиштүү мыйзам долбоорун даярдоо тапшырмасы берилгени маалымдалды.

Непалда куткаруучулар жер көчкүдөн улам Тришули дарыясына кулап кеткен эки автобустагы жүргүнүчүлөрдү издеп жатышат. Баштапкы маалыматтарга караганда, 60тан ашуун адам дайынсыз.

Баш калаа Катмандудан 90 чакырымдай батыш тарапта масштабдуу издөө операциясына аскер күчтөрү да тартылганын Reuters агенттиги жазды. Байкоочулар терең дарыянын ылай суусу куткаруучулардын өмүрүнө коркунуч туудурарын белгилешүүдө.

Газа шаарында Израил аскерлери ал жактагы эки апталык операциясын жыйынтыктаганын билдирип, чыгып кеткенден кийин уранды астынан кеминде 60 кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу 12-июлда сектордун ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобу көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемесине таянып France-Presse (AFP) маалымат агенттиги билдирди.

Шаардын Шужая району Израил армиясынын бомбалоосуна кабылганын айткан жергиликтүү тургундар ондогон кишинин өмүрү кыйылганын билдирүүдө.

«Окуя түн ичинде болду. Биз баарыбыз үйдө элек. Агамдын батири жайгашкан жерге эки ракета түштү. Агам, анын бир жашар уулу Хамза жана 2,5 жашар кызы Тука каза болушту", - деп айтып берди өзүн Ибрагим Абу Мустафа деп тааныштырган жергиликтүү тургун.

Газа шаарынын чыгыш тилкесиндеги Шужая районунда жашагандар башка жакка чыгып кетиши керектигин Израил аскерлери 27-июнда эскерткен. ЦАХАЛ Газа секторунун түндүгүндө, түштүгүндө жана борбордук бөлүгүндө да соккуларын улантып жатканы 11-июлда маалымдалган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 2024-жылдын алты айында атайын кызмат бюджеттен 70 млрд сомдон ашык каражат уурдалганын аныктап, анын 50 млрд сомун өндүрүп казынага өткөрүп бергенин билдирди.

Бул тууралуу ал УКМКнын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегияда айтканын атайын кызматтын басма сөз кызматы кабарлады.

УКМК 50 млрд сом кайсы иш боюнча кимдерден өндүрүлгөнү тууралуу так маалымат берген жок.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган расмий Анкара НАТОнун Израил администрациясы менен өнөктөштүк мамиледе болушун колдобой турганын билдирди. 12-июлда Вашингтондо НАТО саммитинин жыйынтыгы боюнча пресс-конференцияда сүйлөп жатып ал:

«Палестинада ар тараптуу, туруктуу тынчтык орномоюнча Израил менен НАТО алкагында кызматташуу аракетин Түркия жактырбайт», - деди.

Эрдоган түрк бийлиги Украинадагы согушту токтотуу боюнча дипломатиялык аракеттерин улантып жатканын кошумчалады.

Ошондой эле ал тышкы иштер министри Хакан Фиданга Сириянын президенти Башар Асад менен жолугуу, бул мамлекет менен мамилени калыбына келтирүү аракетин баштоо тапшырмасын бергенин айтты.

Советтик жана кыргыз мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун "Кыргызстан" деген китеби түрк тилинде чыкты. Аны Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн аспиранты Эрдем Йылмаз которгон.

“Кыргызстан” китеби 1928-жылы Октябрь революциясынын жеңишинин 11 жылдыгына карата араб арибинде жарык көргөн. 2018-жылы кириллица тамгасына которулуп кайра басылган.

Жусуп Абдырахманов китебинде Кыргызстандын келечегине чексиз ишенип, өлкөдөгү ар бир тармактын маселелерине токтолуп, аны кантип чечүү боюнча сунуштарын жазган.

XS
SM
MD
LG