Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:31

Москва облусунда учак кулап үч киши каза тапканы кабарланууда


Москвага жакын Коломна шаарынын четинде "Сухой Супержет" жүргүнчү учагы кулап түштү. Анда экипаждын үч мүчөсүнөн башка жүргүнчүлөр болгон эмес. Үчөө тең набыт кеткени кабарланууда.

ТАСС агенттиги кабарлагандай, учак пландык оңдоодон кийин Луховица аэропортунан Внукового аба майданына учуп баратканда кулаган.

Baza басылмасы жазганына караганда, экипаж кырсык сигналын жандырып, авариялык конуу үчүн тегеренип учкан. Үчүнчү жолку айланууда кулаган.

Кырсыкка кабылган "Сухой Супержет 100" учагы 2014-жылы чыгарылган жана "Газпром Авиа" компаниясына таандык болгон. "Агентство.Новости" бул учак соңку эки жылда кеминде эки жолу бузулганын жазды.

Коломнанын башчысы Александр Гречищев учак токойго кулаганын, ал жер курчоого алынганын билдирди. Кырсыкка байланыштуу кылмыш иши козголду. Териштирүүнү Роавиациянын адистеринин катышуусунда Мамлекеттер аралык авиация комитети (МАК) жүргүзөт.

  • "Сухой Супержет 100" жарандык учагын батыш компанияларынын катышуусунда орусиялык "Гражданские самолёты Сухого" ишканасы өндүргөн. 2011-жылдан бери бул өндүрүштөгү учакка мексикалык Interjet жана ирландиялык Cityjet компаниялары гана кардар болгон. Бирок эки авиакомпания тең учакты эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө көйгөйлөрүнөн улам сатып алуудан баш тарткан.
  • Кремлдин Украинадагы согушунан улам жарыяланган санкцияларга байланыштуу орусиялык авиакомпаниялар учактардын тетиктерин чет мамлекеттерден түз сатып ала албайт. 2022-жылы Европа Биримдиги Орусиянын 21 авиакомпаниясын учууга кооптуу деген жүйө менен кара тизмеге киргизген. (SE)

XS
SM
MD
LG