Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:44

Пакистан: Хандын партиясын колдогон чечим чыкты


Имран Хандын тарапкерлери. 2024-жылдын 8-февралы.
Имран Хандын тарапкерлери. 2024-жылдын 8-февралы.

Пакистандын Жогорку соту бүгүн 12-июлдагы чечими менен мурдагы премьер-министр Имран Хандын “Адилеттик үчүн кыймыл” («Техрик-е Инсаф») партиясынын мүчөлөрүнө улуттук жана аймактык ассамблеялардагы аялдарга жана азчылыктарга бөлүнүүчү атайын орундарды ээлөө укугун кайтарып бере турган чечим чыгарды. Бул тууралуу “Машаал” радиосу кабарлады.

Бул чечим менен Пешавар провинциясынын Жогорку сотунун жана Улуттук шайлоо комиссиясынын быйыл февраль айында аталган партиянын өкүлдөрүнө мындай орундарды ээлөөсүнө чектөө койгон чечими жокко чыгарылды.

Жогорку соттун төрагасы Кази Фаиз Иса башында турган, курамына 13 мүчө кирген соттук коллегия азыркы тапта камакта отурган мурдагы өкмөт башчынын “Адилеттик үчүн кыймылы” ишин толук калыпта улантып келаткан партия экенин белгилеп, анын шайлоо жараянынан четтетилиши мыйзамсыз болгон деген тыянакка келди.

Эми партия атайын орундарды ээлей турган талапкерлеринин тизмесин шайлоо комиссиясына 15 күн ичинде жөнөтүшү керек. Быйыл февралда өткөн шайлоодо Хандын партиясынын 77 талапкери улуттук жана аймактык ассамблеялардан чыгарылган.

Пакистандын парламентинин төмөнкү палатасынын жаңы шайланган курамы 29-февралда ант берип, ишине киришкен. Оппозиция бир топ мыйзам бузуу менен коштолгонун айткан шайлоо 8-февралда өткөн. Бул өнөктүктүн жыйынтыгына каршы бир катар нааразылык акциялары уюштурулган.

44 партия катышкан шайлоодо көпчүлүктүн добушун ала албай калган мурдагы премьер-министр Наваз Шарифтин «Пакистан мусулман лигасы» партиясы киши колдуу болгон мурдагы премьер-министр Беназир Бхуттонун уулу Билавал Бхутто-Зардари жетектеген “Пакистан элдик партиясы» жана башка бир нече майда партия менен биригип, өлкөнү башкара турган коалиция түзүп, өкмөттү жетектей баштаган.

Аталган эки партия тең 2022-жылы ошол кездеги премьер-министр Имран Ханды кызматтан кетирүүгө биргелешип катышкан.

Хандын “Адилеттик үчүн кыймыл” партиясынын колдоосуна таянган өз алдынча аттанган талапкерлер бул шайлоодо добуштардын көбүнө ээ болушкан, бирок азыраак добуш алган башка партиялар “Пакистан элдик партиясы» менен биригип, коалиция түзүп, өкмөттү куроо жана башкаруу укугун алышкан.

Коррупциядан тартып мыйзамсыз үйлөнгөн деген бир нече айып тагылып, 31 жылга түрмөгө кесилген Хандын партиясы шайлоо бюллетендеринен чийилип салынган.

28-февралда аталган партия Эл аралык валюта фондуна кайрылып, Пакистанга мындан аркы каржылык колдоо көрсөтүү тууралуу чечим кабыл алар алдында соңку шайлоо боюнча аудит жүргүзүүгө чакырган. (RK)

XS
SM
MD
LG