УКМК кылмыштуу топко тиешеси бар аңчылык жерлер мамлекетке кайтарылганын билдирди

Мамлекетке алынган аңчылык жердин картасы.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы Талас облусунда уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар аңчылык жерлер мамлекетке кайтарылганын билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, “Натур Энержи” компаниясынын директору (А.у.А.) атайын операция маалында өлтүрүлгөн кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) жакын адамы (Р.Т.К.) менен тыгыз байланышта болгону аныкталган.

“Натур Энержиге” Талас облусунун Айтматов жана Талас райондорундагы 423 миң 966 гектар аңчылык жерлери таандык болгон. Талас облусунун жалпы аянты 1 млн 140 миң гектарды түзсө, облустун 1/3 бөлүгүн аңчылык жерлер ээлейт.

Жыйынтыгында аңчылык чарбалар Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас аймактык башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Анын баасы 4 млн 465 миң 550 сом деп бааланды.

Юстиция министрлигинин сайтында “Натур Энержи” ишканасы 2018-жылы каттоодон өткөнү, директору Абдымажит уулу Абдырашит экени көрсөтүлгөн.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. (BTo)

Дагы караңыз

Улуттук банк валюта базарынан дагы 34 млн 300 миң доллар сатып алдыБайден согушта Орусиянын жеңишине жол берилбей турганын айтты11-июль: Колумбияда борборазиялык мигранттар түшкөн кайык чөктү, Кыргызстанда 25 жаштагы келиндин өлүмү иликтенүүдөИИМ жарым жылда маңзатка байланышкан 680ге жакын кылмышты аныктадыАКШ Европага узак аралыкка сокку ура алчу система жайгаштырат