Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:17

Улуттук банк валюта базарынан дагы 34 млн 300 миң доллар сатып алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банк 12-июлда валюта базарынан дагы 34 миллион 300 миң доллар сатып алды. Бул маалымат банктын расмий сайтына жарыяланды.

Ушуну менен өлкөнүн негизги банкы жыл башынан бери валюта рыногунан 299 миллион 250 миң доллар сатып алды.

Ушул тапта доллардын расмий курсу 85 сом 31 тыйын болууда. Коммерциялык банктар менен менчик акча алмаштыруу жайларында бир доллар 85 сом 10 тыйындан сатып алынып, 86 сомдон сатылууда.

Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат. (BTo)

XS
SM
MD
LG