Улуттук банк валюта базарынан дагы 34 млн 300 миң доллар сатып алды

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банк 12-июлда валюта базарынан дагы 34 миллион 300 миң доллар сатып алды. Бул маалымат банктын расмий сайтына жарыяланды.

Ушуну менен өлкөнүн негизги банкы жыл башынан бери валюта рыногунан 299 миллион 250 миң доллар сатып алды.

Ушул тапта доллардын расмий курсу 85 сом 31 тыйын болууда. Коммерциялык банктар менен менчик акча алмаштыруу жайларында бир доллар 85 сом 10 тыйындан сатып алынып, 86 сомдон сатылууда.

Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат. (BTo)

Дагы караңыз

Байден согушта Орусиянын жеңишине жол берилбей турганын айтты11-июль: Колумбияда борборазиялык мигранттар түшкөн кайык чөктү, Кыргызстанда 25 жаштагы келиндин өлүмү иликтенүүдөИИМ жарым жылда маңзатка байланышкан 680ге жакын кылмышты аныктадыАКШ Европага узак аралыкка сокку ура алчу система жайгаштырат Орусия Навальныйдын жесирин "террорчулар тизмесине" киргиздиМилиция үйдө ызы-чуу салгандарды жазалоо укугун кеңейтүүнү сунуштады