Ал арада сурамжылоолорго караганда, экс-президент Доналд Трамптын Ак үйгө кайтып келүү ыктымалдыгы жогору. Мындан аркы окуялар кандай өнүгүшү мүмкүн? Дүйнөнүн ири державасындагы быйылкы шайлоо эмнеси менен маанилүү?
Байденди жарыштан чыгууга чакыргандар көбөйдү
АКШнын президенти Жо Байден жекшембиде Филадельфияда сүйлөп жатып, өзүнүн жашы тууралуу кайрадан тамаша аралаш сөз кылды.
"Мен 40 жаштагы кишидей көрүнгөнүмдү билем, бирок бир топ эле жашадым. Тамашаны мындай койсок, мен саясатка көптөн бери аралашып жүрөм, кудай алдында чындыкты айтсам, биз бириккенде Американын келечегине мынчалык оптимисттик караган эмесмин".
Арийне талдоочулар белгилегендей, демократтар партиясы үчүн азыр тамашалай турган убакыт эмес. Президенттин айрым тарапташтарын Байдендин өйдөлөгөн жашы жана саламаттыгына байланышкан күмөн саноолор тынчсыздандырып жаткан кез. Кээ бир партиялаштары атүгүл президентти шайлоого катышуудан баш тартууга, башка талапкерге мүмкүнчүлүк берүүгө чакырышууда. Айрым демөөрчүлөр Байден жарыштан четтебесе, шайлоо өнөктүгүнө каражат берүүнү токтоторун эскертишти.
Байден жарыштан чыгышы керек деген пикирди кармангандардын бири Демократтар партиясынан конгрессмен Ллойд Доггетт:
"Ал биринчи кезекте өлкөнүн кызыкчылыгын ойлойт деп үмүттөнөм. Трамп эч качан андай кылбасын билем, бирок президент өлкөнү ойлоп, жарыштан баш тартышы керек. Адилет, ачык, демократиялык курултайга мүмкүнчүлүк бергиле. Менимче, Трамптын бийликке кайтып келүүсүн алдын алууга дарамети жете турган бир катар күчтүү талапкерлер бар".
Байдендин айланасындагы күмөн саноолорго 27-июндагы теледебат жем таштады. Республикачылардын атынан ноябрдагы президенттик шайлоого катышууну көздөгөн мурдагы президент Доналд Трамп менен эрөөлдө мамлекет башчы атаандашынын чабуулдарына жооп кайтара албай, айрым учурларда өз оюн да толук жеткире алган эмес.
Президенттин командасы, асыресе Ак үйдүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер Байден ал күнү өзүн жакшы сезбегенин белгилеп, дебат анын ийгиликтүү президенттигине көлөкө түшүрбөөгө тийиш, башка демократтарга караганда Трампты жеңүү мүмкүнчүлүгү жогорураак деп айтып келди.
"Президент акыркы үч жарым жылдан бери жасап келаткан иштерин улантмакчы. Мурдагыдай эле Америка элине көңүл бурат. Президентке жакын кишилердин бири болгон спикер Нэнси Пелосинин сөздөрүн жалпылап айтканда, кеп дебаттын жыйынтыгы эмес, президенттик кызматтагы иши тууралуу жүрүүдө".
Анткен менен эки жумадан кийин да президенттин саламаттыгы, башкаруу жөндөмү боюнча талкуулар, талаш-тартыштар тынчый элек.
Бул аралыкта Демократтар партиясынан шайланган губернаторлор Байдендин талапкерлигин колдой турганын билдиришти. Бир топ партиялаштары 5-ноябрдагы шайлоодо Трампка Байден гана туруштук бере алат деп санашат.
5-июлда америкалык лидер дебаттан кийинки биринчи интервьюсунда президенттик жарыштан “жараткандын талабы» менен гана чыгарын айтты.
Демократтар өз талапкерин 15-августтагы курултайда көргөзүүгө тийиш.
Түрдүү изилдөө борборлору менен маалымат каражаттары жарыялаган сурамжылоолор Трамптын алдыда баратканын көргөзүүдө. CNN 2-июлда жазганына караганда, шайлоо ошол күнү өтсө, добуш берүүчүлөрдүн 49% экс-президентке, 43% азыркы мамлекет башчыга артыкчылык бермек.
Ал эми Economist басылмасынын 3-июлдагы сурамжылоосуна караганда, шайлоочулардын 46% Трампка, 44% Байденге добуш берүү ниетин билдирген.
Учурда Байден 81 жашта, Трамп андан үч жаш кичүүрөөк. Экөө тең Американын тарыхында президенттик шайлоого аттанган эң улгайган үмүткөрлөрдүн башкы саптарында турат.
Кыргызстандык саясат таануучу Эмил Жороев шайлоо алдындагы талкуунун эмне себептен Байдендин саламаттыгына байланышкан маселеге ооп кеткенин мындайча түшүндүрөт:
"Адатта мындай дебаттарда бийликте турган талапкердин 4 жылда жасаган иштери, жетишкендиктери кеп болот, ага атаандаш чыккан саясатчы президентин кемчиликтерин баса белгилеп сындайт. Мына ушулар көңүл чордонунда болот. Келерки 4 жылда кандай ички жана тышкы саясат жүргүзүшөрү айтылат. Бул жолу аларга ушундай эле суроолорду узатышты. Бирок айрым демократтардын пикирлерин байкап көрсөм, дебатты психологиялык жактан кыйналып көрүп отурдук деп кабатырланышты. Байдендин такалып, сөзүнүн учун жоготуп коюп, бир нерсени сүйлөп баратып, экинчи нерсеге өтүп кетип жатканы, албетте, “Президентибиз ушундай болобу? Төрт жыл бою бул киши кантип башкарат?” деген суроо жаратты. Бул маселе, менин оюмда, экинчи пландагы же маанисиз тема эмес.
"Америкада президенттикке талапкерлердин дыкат текшерүүдөн өткөрүлүшү кадыресе көрүнүш. Аларды коопсуздук, билим, тажрыйбасы жагынан канчалык текшеришсе, ден соолугуна да ушундай эле көңүл бурулат. Бул дебатты математика же теңдеме сыяктуу карасак, Байден суроолорго такалып жооп бергени менен маанисин алганда чындыкка жакыныраак, мазмундуураак болду. Америкалык талдоочулар айткандай, Трамптын жалган айткандары ишенимдүүрөк болду. Дээрлик ар бир айткан маалыматы жалган болуп чыкты. Келтирген фактылары же таптакыр калп же ашыкча көбүртүп-жабыртып айтылган. Байден дагы бир-экисинде адашыптыр, бирок анчалык ката кетирбептир. Өзгөчө Америкадагы мындай дебаттарда медиа чоң роль ойнойт. Маалымат каражаттары эрөөлдүн 10 секундалык жерлерин алып, тараптып жиберишти".
Президент жарышты улантышы керекпи же партия жаңы талапкерди алып чыгабы?
Эксперттердин айтымында, бийликтеги партия үчүн эки вариант тең бир катар тобокелдиктерди алып келиши мүмкүн.
АКШдагы Виржиния университетинин саясат боюнча борборунун директору Ларри Сабато:
"Талапкерди жарыштан четтетүүнүн бир гана жолу бар: ал өзү курултайга чейин шайлоого катышпоо тууралуу чечимин жарыялоого тийиш. Жыйындын жол-жобосун аныктаган демократтардын улуттук комитети ачык курултай алдында үмүткөрлөрдүн ысымдарын шардана кылып, балким кээ бир штаттардын делегациялары колдоосун билдирет. Андан кийин курултай чечим кабыл алат. Кайсы болбосун партияда бул – башкаруунун эң жогорку деңгээли. Ошентип курултай добуш берген баштапкы электорат болуп калат.
Байден жарышты улантышы керекпи деген маселеде орток пикир жок. Бирин-серин киши эле өз оюн калың эл алдында билдирди. Бирок көшөгө артында Байден жарыштан четтесин дегендер көбүрөөк. Өлкөнүн кызыкчылыгында, Доналд Трампты жеңүү үчүн президент андайга барышы керек деген ойго Барак Обама, Хиллари Клинтон, Билл Клинтон, Нэнси Пелоси, көптөгөн сенаторлор менен губернаторлор, башка саясатчылар макул болуп, биригүүгө тийиш. Ак үйгө барып, Байденди көндүрүү кыйын болот. Жубайы Жилл Байденди да көндүрүү аракетин көрүүгө туура келчүдөй. Бул андан да татаал болушу мүмкүн".
Техас университетинин профессору Жереми Сури:
"Шайлоо кампаниясы ар кыл баскычтардан өтөт. Алар кандай аяктарын өзгөчө азыр, социалдык түйүндөр өнүккөн заманда, дүйнөдө ушунчалык көп окуялар болуп турган кезде алдын ала айтуу кыйын. Анын үстүнө атаандашы Доналд Трамп экенин эстен чыгарбайлы. Ким билет анын өзү же байланыштары тууралуу дагы кандай видеолор чыга калат. Кыскасы, ар кандай жагдайлар бар. Бирок Байдендин саламаттыгына байланышкан санаркоо кала берет деп ойлойм. Ал шайлоону дагы деле жеңиши мүмкүн. Жарышта калса, фаворит болушу ыктымал. Анын шайлоо штабы дебат президенттин ден соолугу тууралуу тынчсызданууларга чекит коет деп күткөн. Бирок андай камтама шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жүрүшүндө айтыла берет".
Ал эми Байден ат салыштан баш тартса, анын ордуна ким чыгышы мүмкүн? Ошол талапкердин Трампты жеңүүгө кудурети жетеби?
Байдендин ордуна демократтардын атынан талапкер болушу мүмкүн деген саясатчылардын арасында биринчи кезекте вице-президент Камала Харрис аталууда. Андан тышкары Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюсом, Мичигандын губернатору Гретхен Уитмер, Кентукки штатынын губернатору Энди Бешир, Иллинойстун губернатору Жей Роберт Прицкер жана башкалар бар.
Көпчүлүк талдоочулар Харрис партиялаштарын өзүнүн айланасында тезирээк бириктире алат деп эсептешет.
Анын үстүнө CNNдин жогоруда айтылган дебаттан кийинки сурамжылоосуна ылайык, Харристин Трамп менен ажырымы Байдендикине караганда төрт пайызга азыраак болуп калды.
59 жаштагы Харристин шайлоодогу мүмкүнчүлүктөрү кандай?
Гавайи штатынын губернатору демократ Жош Грин:
"Президент жана үй-бүлөсү ал иш жүзүндө партиянын атынан талапкерликке жетишкенден кийин жарыштан чыгышы керек деп чечсе, анда өзүнүн ордун басууга татыктуу кишинин ысымын биз менен бөлүшүү анын артыкчылыгы болот. Президент көп айдан бери Камала Харрис менен чогуу үгүт жүргүзүп жатканын унутпоо зарыл. Ошондой кырдаал түзүлүп калып, президент өзүнүн вице-президентин көргөзсө, демократтар партиясы кубанат деп ойлойм. Ал кубаттуу адам, даанышман аял, башкы прокурор кызматын аркалаган биринчи афроамерикалык аял. Менин пикиримде, Байден президенттик жарыштан баш тартууну чечип, Харристи көргөзсө, ал биздин талапкер болот".
Түштүк Калифорния университетинин профессору Кристиан Груз:
"Байдендей эле Камала Харристин терс жактары бар. Калган ыктымал үмүткөрлөрдүн айрымдарын – Гретхен Уитмер, Гевин Ньюсомду алсак, алардын терс жактары азыраак. Бирок алар анча таанымал саясатчылар эмес. Демократтардын атынан ким көргөзүлбөсүн, Камала Харрис же башкасыбы, дароо негативдүү пикирлер көбөйөрү калетсиз. Себеби республикачылар сөзсүз токтоосуз реакциясын билдирет. Ушу тапта Байденге караганда Харристин артыкчылыгын мен мындайча чечмелейт элем: Сурамжылоолор көргөзгөндөй, бир да партияга ыктабаган шайлоочулардын арасында Харриске добуш берип же бербесин чече электер көп экен. Демек, ал ошол шайлоочуларды көндүрө алат. Ал эми Байденге андай добуш берүүчүлөрдүн пикирин өзгөртүүгө кыйыныраак болмокчу".
Сөз болгон дебатка чейин эле Байденге сын айтылып келген. Президентке экономиканын абалынан баштап, Мексика тараптан агылган мигранттар көйгөйүнө байланыштуу доомат артылган. Байден жана анын командасы болсо тескерисинче анын президенттик мөөнөтүндө экономикалык көрсөткүчтөр жакшырганын, далай жаңы жумуш орундары түзүлгөнүн белгилеп келишет.
Трамптын шайлоо өнөктүгүнө көлөкө түшүргөн жагдайлар
Демократтардын курултайы августка пландалса, республикачылардын жалпы жыйыны эмки аптада, 15-18-июлда уюштурулганы жатат. Ошондо Трамп партиянын талапкери болуп көргөзүлмөкчү. Экс-президент башынан эле шайлоо кампаниясына жигердүү киришип, шериктери Байдендин эрөөлдөгү кемчиликтеринен пайда табууга аракеттенүүдө. Ошентсе да Трамптын шайлоо өнөктүгүнө көлөкө түшүргөн жагдайлар да жок эмес.
9-июлда Трамп үгүт кампаниясын Майамиде улантты. Тамаша-чынды аралаштырып, ал Байденди дагы бир жолу дебатка чыгууга, гольф ойноого чакырды. Трамп демократтардын ички маселесин да козгоду:
"Өкмөттөгүлөрдөн айырмаланып, биз акыл-эсибизди сактап калдык. Ал арада ашынган солчул Демократтар партиясы башаламандыкка батып, бөлүнүп-жарылып калды. Себеби талапкерлердин кайсынысы президенттикке жарабай турганын чече албай жатышат. Кетип баратып эле уктаган Жо Байденби же каткырган Камалабы? Өзүнөр билгендей мен жакында эрөөлдө бардыгыңардын урматыңарга Байденди президенттик дебаттардын тарыхында болуп көрбөгөндөй жеңилүүгө дуушар кылдым деп ойлойм. Муну жалган маалымат тараткан медиа дагы жазды".
Жүздөгөн киши катышкан жолугушууга келгендер экс-президенттин Байденден айырмаланып сергек жүргөнүн, ден соолугу чың экенин айтып жатышты.
Трамптын Ак үйгө кайтып баруу ыктымалдыгы жогорулаган маалда 1-июлда АКШнын консерваторлор үстөмдүк кылган Жогорку соту экс-президенттин адвокаттарынын арызы боюнча оң чечим чыгарды. Алар 2021-жылы 6-январда болгон тополоңго байланыштуу Трамптын сот жообуна тартылышына каршы чыгып, ал президенттик кызматта турган кездеги аракеттери үчүн корголууга тийиш деп эсептешет.
Бирок ал кандай аракеттер экенин төмөнкү инстанциядагы соттор такташы керек болот. Мындай иммунитетке каршы болгондор президент иш жүзүндө падышага айланат деп эскертишүүдө.
Экс-президентке бардыгы болуп төрт кылмыш иш козголгон. Майдын этегинде Нью-Йорктогу сот арачылары Трампты документтерди фальсификациялоо ишинин 34 пункту боюнча күнөөлүү деп тапкан. Прокурорлор белгилегендей, Трамп порнография жылдызына акча берип, экөөнүн ортосунда он жыл мурда болгон интимдик мамиле тууралуу иштин жигин билгизбей жабууну көздөгөн. Акчаны ал шайлоо кампаниясынан мыйзамсыз бөлгөн.
Эми ишке төрагалык кылган судья өкүм чыгарышы керек. Трамп өзү бардык иштер боюнча күнөөсүн танууда.
Кантсе да талдоочулардын божомолунда соттук териштирүүлөрдүн 5-ноябрдагы президенттик шайлоого чейин жыйынтыкталышы күмөндүү.
Трамптын бийликке кайтып келүү ыктымалдыгы АКШда өткөн НАТОнун саммитине катышкандарды да түйшөлткөндөй. Анткени жыл башында ал президент болуп шайланса, альянстын коргонуусу үчүн жетиштүү акча төлөбөгөн мүчөлөрүн АКШ Орусиядан коргобошу ыктымал экенин айткан.
Бийликте турган 2017-2021-жылдары НАТОнун мүчөлөрүн коргонууга ички дүң өндүрүмүнүн бери дегенде 2% бөлүүгө чакырып, уюмду жараксыз деп атаган жана АКШны зарыл болсо альянстан чыгаруу каалоосун жашырбайт.
Жоржтаун университетинин эл аралык мамилелер боюнча профессору Чарльз Капхен:
"Менимче, альянс, НАТОнун бардык мүчөлөрү, анын ичинде Украина Байден экинчи мөөнөткө шайланат деп үмүттөнүшөт, тилек кылышат. Себеби Байден чындап эле Трансатлантикалык альянска дем берди. Украинанын колдоо аракеттеринин башында турду. Трамп болсо, тескерисинче, президент болуп турганда союздаштарга далысын салып койгон. Ал бийликке кайтып келсе, АКШ НАТОдон чыгышы мүмкүн деген кооптонуулар жок эмес".
Ички маслелерге келгенде, Трамп мыйзамсыз иммиграция менен күрөшөрүн, Мексика менен чек араны жабарын айтып келатат.
Сурамжылоолор көргөзгөндөй, анын ушул өңдүү ички маселелерди чечүү убадаларын колдогондор көп.
Эмил Жороев анын себебин мындайча түшүндүрөт:
"Трамп буга чейин шайланганда, Байден утканда деле америкалыктарын дээрлик тең жарымы ага добуш берген. Бул эмнеден кабар берет? АКШнын жарандары, коомчулугу арасында Америка өз кызыкчылыгын гана ойлошу керек, дүйнөгө көп акча сарптап, бизге кереги жок согуштарга, гуманитардык акцияларга катышпоого тийиш, бизге жумуш орундарын түзүү зарыл деген пикирге ыктагандар көп. Экономикалык улутчулдук өңдүү агымдар толтура. Алардын негизги партиясы – республикачылар".
Быйылкы шайлоо дүйнө үчүн эмнеси менен маанилүү?
Америка Кошмо Штаттарында президенттик шайлоо төрт жылда бир өтүп турат. Албетте ар бир жолу дүйнөнүн эң кубаттуу державасындагы бул өнөктүккө америкалыктар гана эмес, башка өлкөлөрдө да кунт коюп байкоо салышат.
"Алдыдагы шайлоо дүйнөгө эң чоң өзгөрүүлөрдү алып келиши ыктымал. Трамптын биринчи мөөнөтү учурунда эле АКШ дүйнөлүк сахнада өзүнө алган кээ бир милдеттенмелеринен чегинип, көп нерселерге катышпай калган болчу. Байден турган төрт жылдан бери дүйнөдөгү кырдаал ого бетер чыңалган. Трамптын келиши менен эмнелер күтүлөт? Америка тең салмактуулукту кармап турган, анын катышуусуз олуттуу окуялар болуп кетиши мүмкүн деген кооптуу учурда Трамп кайра эле дүйнө эмне болсо ошол болсун, биз өз оокатыбызды кылабыз деген тышкы саясаттагы эски формулага өтүшү ыктымал. Мисалы, Украинага жардам берүү биз үчүн артыкчылык эмес, Газада Израилге гана жардам беребиз, гуманитардык кризиси бизди кызыктырбайт деп айтышы мүмкүн. Же Кытай менен пикир келишпеген маселелерде кандай болору белгисиз. Ал мантра сыяктуу эле биринчи кезекте Американы карайбыз, Американы биринчи орунга коебуз деп кайталап келатат. Бирок кандай тышкы саясат жүргүзөрү Евробиримдик, Жапония, Түштүк Корея, Австралия сыяктуу Американын эң жакын өнөктөштөрүн тйшөлткөн маселе", - деп айтат Эмил Жороев.
Мындан төрт жыл мурун Байден менен Трамп бийлик үчүн ат салышканда демократтардын өкүлү жеңип чыккан. Бул ирет да ошондой сценарий кайталанабы же тараза ташы республикачылдар тарапка ооп кетеби? А балким шайлоо үчүнчү бир саясатчынын жеңиши менен аякташы мүмкүнбү?
Бул суроолор азыр ачык бойдон турат.