Жалал-Абад менен Баткенге авиакаттам качан жанданары белгисиз

Баткендеги аэропорттон тартылган сүрөт. Архив.

Бишкек-Жалал-Абад, Бишкек-Баткен, Бишкек-Раззаков авиакаттамдары качан жанданары белгисиз. Жарандык авиация агенттиги аталган багытта эл ташыган Tez Jet компаниясынын учагы бузулуп калганын билдирди.

"Жалал-Абадда, Баткенде, жана Раззаковдо ээропорттордун учуу-конуу тилкелери кыска болгондуктан, бир гана RJ-85 (АвроЖет 85) учагы учат. Башка чоң учактарга алмаштыруу мүмкүн эмес. Tez Jet компаниясынын учагы бузулуп калгандыктан, каттамдар токтотулган. Тетиктерди чет элден алып келгенге убакыт керек. Эми алып келишиптир, ушул аптада оңдолуп, кийинки жумадан каттамдар жанданышы мүмкүн", - деди агенттиктин өкүлү Айнура Молдалиева.

Техникалык мүчүлүштүктөн улам аталган аймактарга 1-июлдан бери учак учпай калган.

Tez Jet - Кыргызстандын аймактарына эл ташыган дээрлик жалгыз компания. Анын Бишкек-Ош каттамдары жадыбал боюнча аткарылууда. Бул багытты чоңураак учак тейлейт. Компания өзү мүчүлүштүк тууралуу комментарий бере элек. (SE)

Дагы караңыз

Бузулган учак көйгөйү. Аймактарга каттам токтоп калды Модинин Москва сапары: согуш шартындагы кызматташтыкЭмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция министрлигинде мыйзам бузуу аныкталдыАкылбек Жапаров Орусиянын банктарына Кыргызстанда филиал ачууну сунуштады