Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:47

Акылбек Жапаров Орусиянын банктарына Кыргызстанда филиал ачууну сунуштады


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусиянын банктарына Кыргызстанда филиал ачууну сунуштады. Мындай пикирин 10-июлда Красноярск шаарында эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынында билдирди.

Өкмөттүн сайтындагы маалыматка караганда, Жапаров Сбербанк, ВТБ, "Внешэкономбанк" жана "Газпромбанк" тобу сыяктуу ири мамлекеттик банктарынын Кыргызстандын каржы рыногуна катышуусу маанилүү деп эсептейт. Анын белгилешинче, бул улуттук валюталар менен эсептешүү үлүшүн көбөйтүүгө шарт түзөт.

Красноярскидеги жыйынга Орусиянын премьер-министринин орун басары Алексей Оверчук төрагалык кылды. Расмий Бишкектин билдиришинче, ал Москва соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого, өлкөлөр ортосундагы гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң маани бере турганын белгилеген.

Орусиянын финансы институттары АКШнын санкциясына кабылган жагдайдан улам, быйыл июнда Кыргызстандагы кээ бир банктар орусиялык банктарга жана финансы институттарга айрым убактылуу чектөөлөр киргизилгенин жарыялашкан. Мындан улам Орусиядан Кыргызстанга же Кыргызстандан Орусияга акча которуулар бир аз мөөнөт үзгүлтүккө учураган.

Кремлдин Украинадагы согушунан улам дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү Орусиянын банктары менен кызматташуудан баш тартышкан. Москванын өнөктөшү деп саналган Кытай дагы орусиялык банктар менен кызматташуу шарттарын катуулатып жатканы белгилүү болгон. Бул жагдай АКШнын экинчи даражадагы санкцияларынан кооптонуу катары сыпатталат.

Санкцияларга байланыштуу Кыргызстандагы банктар Орусиянын "Мир" банк карталарын тейлөөнү токтоткон. (SE)

XS
SM
MD
LG