Президент өлкөдө кесипкөй адистер жетишпей жатканын айтты

Садыр Жапаров. Бишкек. 20-март, 2024-жыл.

10-июлда президент Садыр Жапаров Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балл алган орто мектеп жана лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнө “Алтын сертификаттарды” тапшырды.

Мамлекет башчы Кыргызстанда кесипкөй адистер жетишпей жатканын айтканын иш-чараны чагылдырып жүргөн “Азаттыктын” кабарчысы билдирди.

“Бүгүнкү күндө өлкө боюнча кесипкөй адистердин, кесипкөй кадрлардын тартыштыгы бар экени баарыбызга жакшы маалым. Бул үчүн мектептерден, билим берүү мекемелеринен билим пайдубалын бекем түптөп, андан ары жогорку окуу жайларды ийгиликтүү бүтүргөн билимдүү жаштардын арбын болушу талап кылынууда”, - деди президент.

Быйыл Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө 51 946 бүтүрүүчү катышты. Алардын ичинен тестти 21 831и орус тилинде, 30 115и кыргыз тилинде тапшырды.

Мунун арасынан 58и “Алтын сертификат” алды. Бишкек шаарынан 35, Ош шаары менен Ош облусунан 7, Чүйдөн 7, Жалал-Абад менен Нарын облустарынан үчтөн, Таластан эки, Баткен облусунан бир бүтүрүүчү “Алтын сертификат” алды. (BTo/NbA)

Дагы караңыз

Султан Раев Европанын так илимдер академиясынын академиги болдуСтатком жарым жылда ички дүң өнүм 560 млрд сомго жеткенин билдирдиДагестанда никабдын ордуна жүздү кол желдеткич менен жаап жүрүү сунушталды Бишкекте боорун алмаштырган эки бейтап үйүнө чыгарылдыУкраина: Орусиянын соккусунан энергетикалык объект жана порт жабыркадыЛаззат Нургожоеванын жигити 3-августка чейин камакка алынды Mega компаниясына Элнар Субакожоев директор болду