Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6,3 млрд доллардан ашты

Иллюстрациялык сүрөт.

2024-жылдын 31-майына карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 6 млрд 374,58 млн долларга жетти. Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, мунун ичинен 4 млрд 540,84 млн доллар тышкы карыз, ал эми 1 млрд 806,74 млн доллар ички карыз.

Маалыматка караганда, мамлекеттик карыз ички карыздын эсебинен 77 млн долларга көбөйгөн.

Ички карыздын басымдуу бөлүгүн баалуу кагаздардын карызы - 1 млрд 790 млн доллар түзөт.

Тышкы карыздын негизги бөлүгү - Кытайдын Экспорт-импорт банкына берилүүчү 1 млрд 661,21 млн доллар.

2024-жылдын январынын аягына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 270,50 млн доллар болчу.

2024-жылдын январь-март айларында Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө республикалык бюджеттен 13 млрд 167,0 млн сом жумшалса, анын ичинен 8,6 млрд сом тышкы карыз, 4,5 млрд сом ички карыз үчүн төлөнгөн.

2023-жылы мамлекеттик карызды төлөө үчүн бюджеттен жалпы 53 млрд сом бөлүнгөн. Анын 31,5 млрд сому тышкы карызды, 21,5 млрд сом ички карызды тейлөөгө жумшалган.(ZKo)

Дагы караңыз

Баткенде мунай иштетүүчү завод ишке берилет Ош шаарында беш турак жай өрттөндүБазарбеков: Мен кызматка келгенден бери 10дон ашык сотту жоопкерчиликке тартууга уруксат берилди"Кудай гана четтете алат". Байден президенттик жарыштан баш тартышы мүмкүнбү?