Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:05

Ош шаарында беш турак жай өрттөндү


 Өрттү өчүрүү учурунда тартылган сүрөт.
Өрттү өчүрүү учурунда тартылган сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 7-июлда Ош шаарынын Закиров көчөсүндө катар жайгашкан беш үй күйгөнүн билдирди. Министрлик тилсиз жоо ошол эле күнү саат 15:00дөрдө толук өчүрүлгөнүн, кырсыктан жабыркагандар жок экенин кошумчалады.

Маалыматка ылайык, биринчи өрт чалган турак жайдын 700 чарчы метри толук күйүп кеткен. Ага жанаша жайгашкан үйдүн 250, үчүнчү турак үйдүн 98, төртүнчү үйдүн 240 чарчы метр аянты күйгөн. Бешинчи турак жайдын 20 чарчы метр чатыры өрттөнгөн.

Жалпы 1 308 чарчы метр аянт күйгөн.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда былтыр баш-аягы 3 497 өрт кырсыгы катталып, андан 35 адам каза болгон. 31 киши жаракат алган. Тилсиз жоо 1 млрд 410 млн 377 миң сом материалдык зыян алып келген. (BTo)

XS
SM
MD
LG