Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:54

Базарбеков: Мен кызматка келгенден бери 10дон ашык сотту жоопкерчиликке тартууга уруксат берилди


Замирбек Базарбеков.
Замирбек Базарбеков.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков ал кызматка киришкенден бери Судьялар кеңеши ондон ашык сотту кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат бергенин билдирди.

Бул тууралуу ал “Ала-Тоо 24” телеканалындагы маегинде айтты. Замирбек Базарбеков пара алууга шек саналып кармалган Чүй облустук сотунун эки судьясы тууралуу комментарий берип жатып, сот системасы мыйзамсыз иштерге аралашкан соттордон арылуу иштерин жүргүзүп келатканын кошумчалады.

“Камакка алынып түрмөдө жаткан судьялар да бар. Биз аларды жашырып калган жокпуз. Өзүбүз да ачыкка чыгарып, каматып жатабыз. Ал эми эркинен ажыратуу – жазанын эң жогорку чеги болуп саналат”, - деди ал.

Өткөн аптада Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Чүй облустук сотунун судьялары Улукбек Калыбеков менен Тилек Абдырашитовду Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү”, “Опузалап пара алуу”, “Пара алуу” жана “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренелери менен айып коюп кармаган.

Алардын жакындары менен адвокаттары тагылган кине боюнча комментарий бере элек.

2023-жылы сентябрда Бишкек шаардык сотунун судьясы Назгүл Илиязова 5 миң доллар, ошол эле жылы октябрда Ленин райондук сотунун судьясы Нурлан Кенжебаев ортомчулар аркылуу 2 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалган. Быйыл 21-мартта Свердлов райондук сотунун судьясы Алма Кадыркулова 12 миң доллар пара үчүн кармалган. Ушул эле райондук соттун судьясы Акылбек Адимовго да ушундай эле айып тагылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылы 30-ноябрда Кыргызстанда соттор өкүмдөрдү дагы деле акча алып чыгарарын баары билерин, УКМК паракор судьяларды кармаганга аракет кылып жатканын айткан.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков системада таза эмес иштеген адамдар бар экенин “Азаттыкка” курган маегинде мойнуна алган. Бирок Конституция боюнча соттордун ишине эч ким кийлигише албай турганын билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG