Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:54

Баткенде мунай иштетүүчү завод ишке берилет


Мунай иштетүүчү заводдун курулушу. Кадамжай, Баткен. Июль, 2024-жыл.
Мунай иштетүүчү заводдун курулушу. Кадамжай, Баткен. Июль, 2024-жыл.

Суткасына 500 тонна мунай иштетүүгө кубаттуу заводдун курулушу менен энергетика министри Таалайбек Ибраев таанышканын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы 8-июлда билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган завод Баткендин Кадамжай районундагы "Түндүк Сох" жана "Чоңгара Галча" мунай кендеринен алынган мунайды иштетет.

Кадамжай районундагы "Түндүк Сох" жана "Чонгара Галча" мунай кендерин биргелешип иштетүү үчүн былтыр 23-мартта "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасы менен "Кыргыз-Түрк К - НефтьГаз" ишканасынын ортосунда макулдашууга кол коюлган.

“Кыргызтранснефтегаз” МИнин башкы директору Айбек Чодонов министрге маалымдагандай, июль айынын башына карата курулуш иштеринин 90%дан ашыгы аткарылды. Курулуштун болжолдуу аяктоо жана заводду ишке киргизүү мөөнөтү быйыл сентябрь айынын аягына барат.

Учурда 4 мунай скважинасында (кудугунда) оңдоо жана даярдоо иштери жүрүп жатат.

"Заводду курууга жана иштетүүгө жалпы 91 млн доллар инвестиция салынган. 51 кызматкердин ону Түркиянын, калганы Кыргызстандын жарандары. Завод ишке киргенден тарта дагы 150 жумушчу орун түзүлөт", -деп маалымдады Чодонов.

Маалыматта министр ошондой эле “Кыргызтранснефтегаз” ишканасынын №1 “Бүргөндү” газ бөлүштүрүү жайына барып, газ жабдууларын текшерди жана жумушчуларга түзүлгөн шарттар менен таанышты.

Энергетика министри өткөн аптада Токтогул суу сактагычында, Үч-Коргон, Күрп-Сай ГЭСтеринде болуп, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу менен таанышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG