Олжобай Шакирдин иши боюнча облустук соттогу отурум болбой калды

Олжобай Шакир.

8-июлда Чүй облустук сотунда жазуучу жана публицист Олжобай Шакирдин адвокаттарынын Аламүдүн райондук сотунун өкүмүнө каршы жазган апелляциялык арызы боюнча сот отуруму болбой калды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” жазуучунун адвокаты Бакытбек Автандил уулу билдирди. Анын сөзүнө караганда, Олжобай Шакирдин ишин карай турган соттук коллегиянын бир мүчөсү жакында эле пара алууга шек саналып кармалган. Ушундан улам жазуучунун иши башка судьяга өтүп, соттук жараян белгисиз мөөнөткө жылдырылды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Чүй облустук сотунун судьялары Калыбеков Улукбек Жолдошевич менен Абдырашитов Тилек Арстанбековичти Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү”, “Опузалап пара алуу”, “Пара алуу” жана “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренелери менен айып коюп кармаган.

14-майда Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту жазуучу жана публицист Олжобай Шакирди беш жылга эркинен ажыраткан.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен иш козголуп, 2023-жылы 23-августта кармалган. Ошондон бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат. Ал коюлган айыпты четке каккан. Прокурор аны жети жылга абакка кесүүнү соттон сураган.

Адвокаттары көз карандысыз экспертизанын бүтүмүнө көңүл бурууга чакырып, политологиялык экспертиза шашылыш чыгарылганын билдиришкен.

Олжобай Шакир деген ат менен таанылган Олжобай Эгембердиев 2017-жылы “РухЭш” коомдук агартуу багытындагы сайтын негиздеп, иштетип келген. (BTo)

Дагы караңыз

Франциядагы шайлоодо солчулдар алдыга чыктыБУУнун комиссары Пакистандагы ооган качкындары менен жолуктуВоронежде дрон чабуулдарынан кийин өзгөчө кырдаал режими жарыяланды Ташиев менен Ятимов Тажикстанда чек ара маселесин талкуулады Кароосуз калган төрт ымыркай Москвадан Кыргызстанга алып келинди