Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:27

БУУнун комиссары Пакистандагы ооган качкындары менен жолукту


Пешавардагы ооган качкындары. Пакистан.
Пешавардагы ооган качкындары. Пакистан.

Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди 7-июлда Пакистандагы ооган бозгундары менен жолукту. Иш-чара өлкөнүн түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтунхва провинциясында өттү.

"Машаал" радиосуна уюмдун Пешавардагы өкүлү Кайсар Африди билдиргендей, Гранди ооган качкындарынын тынчсызданууларын угуп, аларга колдоо көрсөтүүнү убада кылды.

Үч күндүк сапар менен Пакистанда жүргөн Гранди өкмөттүн өкүлдөрү жана уюмдун башка өнөктөштөрү менен жолугат.

Расмий Исламабад каттоодон өтпөгөн ооган качкындарын депортациялоону улантууда.

БУУнун Качкындар боюнча агенттигинин маалыматына караганда, Пакистан жалпы 3,2 миллиондой ооган качкынын кабыл алган. Алардын 76% аялдар жана балдар.

Көбү каттоого тургузулган эмес. Былтыркы жылдын октябрынан 2024-жылдын мартына чейин 500 миңдей ооганстандык мекенине жөнөтүлгөн.

Ооган жарандары коңшу өлкөгө мекениндеги ондогон жылдардан берки согуштун, туруксуздуктун, кооптуу жашоонун айынан көчүп барышат.

XS
SM
MD
LG