Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:16

Кароосуз калган төрт ымыркай Москвадан Кыргызстанга алып келинди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги Москвада кароосуз калган төрт наристени Кыргызстанга алып келди. Министрликтин маалыматына караганда, ымыркайлардын кичүүсү 10 айлык, улуусу эки жашта.

Учурда балдардын биологиялык туугандарын издөө иштери жүрүп жатат, балдар туугандарына өткөрүлүп берилет.

Москвадан буга чейин да кароосуз калган наристелер алып келинип, балдар үйлөрүнө же Кыргызстандагы туугандарына өткөрүлүп берилген учурлар болгон. Жыл башынан бери он чакты өспүрүм мекенине жеткирилип, жакындарына берилгенин Ички иштер министрлиги маалымдаган.

2011-жылдан тартып Орусиянын ар кайсы шаарларында кыргызстандык мигрант энелер төрөп, балдар үйлөрүнө таштап кеткен ымыркайларды алып келүү аракети башталган. Андан сырткары Казакстан, Сирия жана Ирактан дагы ондогон балдар келген. Алардын айрымдары өз туугандарына берилген, арасында асырап алары жоктору да болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG