"Кудай гана четтете алат". Байден президенттик жарыштан баш тартышы мүмкүнбү?

АКШ президенти Жо Байден жана вице-президент Камала Харрис.

АКШда демократтардын арасында президент Жо Байдендин кийинки шайлоого катышуу жөндөмү, жаш курагы жана Трампты утуп чыгуу мүмкүнчүлүгү тууралуу талкуулар күч алды.

Алардын айрымдары Байденди жарыштан четтөөгө чакырып жатышат. Буга анын он күн мурда Дональд Трамп менен болгон теледебаттардагы жүрүм-туруму түрткү болду. Байден президенттик жарыштан четтегенге барабы? Андай болсо анын ордуна ким Дональд Трамп менен атаандаша алышы мүмкүн?

Теледебаттан он күн өткөнүнө карабастан, демократтардын арасында “Байден президенттик шайлоого катыша алабы жана Дональд Трампты жеңе алабы?” деген суроо дагы эле курч бойдон турат.

Байден 81 жашта, анын атаандашы Трамп 77де.

"Ассошиейтед пресс" агенттигинин жазганына караганда, Өкүлдөр палатасындагы демократтардын лидери Хаким Жеффрис 7-июлда айрым кесиптештерин чакырып, Байдендин президенттик шайлоого катышуусу тууралуу пикирлерин билген.

Агенттик эки башка булагына таянып жазгандай, күндүн экинчи жарымында Демократиялык партиянын комитеттеринин айрым лидерлери Байден шайлоо жарышынан баш тартышы керек деген ойлорун ортого салышкан.

Тампа шаардык кеңешинин мүчөсү, Демократиялык партиянын Улуттук комитетинин мүчөсү Алан Кленденин 7-июлда “Өлкөбүздүн жана дүйнөнүн кызыкчылыгы үчүн президент Жо Байден четке чыгып, вице-президент Камала Харриске Демократиялык партиянын атынан талапкер катары бул ишти улантууга жол бериши керек” деген пикирин жар салды.

Ал эми буга чейин Байдендин шайлоо өнөктүгүнө каражат чогултуу боюнча голливуд иш-чараларын уюштуруп жүргөн режиссер Роб Райнер “Жо Байден кызматтан кете турган учур келди” деп X социалдык түйүнүнө жазды.

Дагы караңыз Байден-Трамп дебаты: Украина, Ооганстан жана Гершкович

Демократиялык партиянын съезди жакындап бара жаткандыктан байкоочулар шашылыш чечим кабыл алынышы керектигин белгилеп жатышат. Байден бул ишке бара албайт деп эсептегендер демократтарды кеч болуп кала электе анын ордуна башка талапкерди табууну суранып жатышат. Демократиялык партиянын акча чогултуу боюнча адиси Барри Гудмандын пикиринде, Байден өз ыктыяры менен кетип, ордуна Харристи калтырса болот.

“Убакыт аз калды. Президент кетпейт деген ойдомун. Бирок ал бул кадамга барайын десе, менимче, ордуна Камаланы калтырат”,-дейт Гудман.

Ошол эле маалда бир нече алдыңкы демократ Байден партиянын тандоосу бойдон калышы керек деген пикирде.

Алардын катарында абройлуу саясатчы Нэнси Пелоси жана конгрессмен Жеймс Клайберн партиянын мүчөлөрүн президент тарапка тартуунун үстүндө иштеп жатышат.

“Байден биздин өлкөгө керек адам”,-деди Клайберн Байдендин маеги ABC телеканалынан көрсөтүлгөндөн кийин.

Байден жеке ыктыяры менен баш тартпаса, анын ордуна башка талапкерди көрсөтүү техникалык жактан оор болот.

Дагы караңыз "Балама ырайым бербейм". Сот президенттин уулун күнөөлүү деп тапты

Байден: Бир гана кудай билет

Байден өзү ABC News телеканалына курган маегинде президенттик жарыштан баш тартайын деген ою жок экенин билдирди. Анын пикиринде, "бул шайлоодо утуп, президент боло турган андан өтөр квалификациялуу киши жок".

Байден теледебаттагы чар-жайыт жоопторун, кызыктай жүрүм турумун сасык тумоого жана чарчоого жүктөдү. Анын айтымында ооруганын ырастай турган документтери бар. Президент мамлекетти дагы беш жыл башкарууга жөндөмү жана күчү жетерин кайталап жатты. Ал Жакынкы Чыгыш үчүн тынчтык планын иштеп чыкканын, анын бийлиги маалында НАТО кеңейгенин, ички экономика өскөнүн кошумчалады.

Байден президенттик жарыштан аны "Кудай гана четтете аларын" билдирди.

“Байден губернаторлордун жана бир катар кызматтагы адамдардын анын иши же чынын айтканда, анын жөндөмү тууралуу кооптонууларын жокко чыгаруу аракетин көрүүдө. Дебаттардын жыйынтыгы Байден үчүн чындап жаман болду. Эми, менимче, маселе ал башка демократтарды, губеранторлорду, Конгресс мүчөлөрүн шайлоого катышууга жөндөмдүү жана күчтүү талапкер боло аларына ишендире алабы деген маселе турат”,-дейт Түштүк Калифорния университетинин профессору Кристиан Гроз.

АКШ президенти Жо Байден.

"Политико" басылмасы өз булактарына таянып, дебаттан кийин Жо Байден медициналык текшерүүдөн өткөнүн жазды. Бул анын демократ губернаторлор менен өткөн жабык жыйынынан кийин белгилүү болгону кабарланууда. Аталган жыйында Байден шайлоо өнөктүгүн улантарын билдиргени маалым болду.

Ошол эле учурда Financial Times гезитинин жазышынча, Демократтардын партиясында Байдендин жакын санаалаштарынын жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн позициясына нааразылар бар. Алардын пикиринде, Байдендин жакындары аны башка талапкердин пайдасына шайлоо жарышынан четтөөгө президентти ынандырышы керек эле.

Байден баш тартса анын ордуна ким көрсөтүлүшү мүмкүн?

Ал арада демократтардын арасында Байден президенттикке ат салышуудан баш тартса, анын ордуна ким көрсөтүлүшү мүмкүн деген суроонун үстүнөн баш катырып жатышат.

Алардын көбү вице-президент Камала Харристин атын аташууда.

"Эгер Жо Байден аны мураскери катары атап, шайлоочуларын ага добуш берүүгө ынандырса, Харриске пайдалуу болушу мүмкүн. Вице-президент катары анын делегаттардын алдында эч кандай артыкчылыгы жок. Башкалардай эле нөлдөн баштоого туура келет",-дейт "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна курган маегинде Жорж Вашингтон университетинин саясий илимдер боюнча профессору Тодд Белт.

Демократтардын Улуттук съезди Чикагодо өтөт. Партия буга чейин Байденди расмий көрсөтүү үчүн виртуалдык жыйын өткөрөрүн билдирген. Анын датасы так аныктала элек.

Камаладан тышкары президенттикке барууга амбициясы бар экенин билдирип, кийин Байденди колдоп кеткендер да көрсөтүлүшү мүмкүн. Алардын катарына Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюсом, Мичигандын губернатору Гретхен Уитмер, Пенсильваниянын губернатору Жош Шапиро да бар. Андан тышкары 2020-жылы жогорку кызматты ээлөө ниетин билдирип, праймеризде Байденден утулуп калгандар да дагы бир жолу тагдырын сынап көрүшү ыктымал. Алар - сенатор Бернис Сандер, сенатор Элизабет Уоррен, сенатор Эми Клобушар жана транспорт министри Пит Буттиджич.