Иранда президенттик шайлоонун 5-июлда өткөн экинчи айлампасында жеңген Масуд Пезешкиан кийинки айдын башында мыйзам чыгаруучулардын алдында ант берет. Бул тууралуу Иран парламентинин президиумунун мүчөсү Мождаба Йосефи мамлекеттик маалымат каражаттарына билдирди.
Ички иштер министрлиги жарыялаган соңку жыйынтыктарга ылайык, 69 жаштагы Пезешкиан ашынган консерватор, катаал режимдин жактоочусу Саид Жалилди 53,7% добуш менен жеңди. Жалилини шайлоочулардын 44,3% колдогон.
Мамлекеттик ИРНА агенттиги жазгандай, ант берүү аземи 4-августта же 5-августта өтөт.
Пезешкиан 2008-жылдан бери парламент мүчөсү болуп келген, 2016-2020-жылдары спикердин орун басары болгон.
Күтүүсүз жеңиштен кийин мурдагы кардиохирург ирандыктар да штанга ыраазычылык билдирди.
"Менин командама чын дили менен кошулган бардык эр жүрөк жана жөндөмдүү жаштарга өзгөчө ыраазычылык билдирем",- деп жазды ал X социалдык түйүнүнө.
دست همه کسانی که پرشور و شعور، خستگی ناپذیر و مصمم، در ستادهای انتخاباتی من با کمترین امکانات و با رعایت اصول و اخلاق سنگِ تمام گذاشتند میبوسم و میدانم که مردم نیز سپاسگزار تلاشهای بی دریغ و بیمنت شما هستند. به ویژه قدردان جوانان غیرتمند و توانمندی هستم که عاشقانه و خالصانه…
— Masoud Pezeshkian (@drpezeshkian) July 6, 2024
Иранда шайлоо мурдагы президент Эбрахим Раиси 19-майда тик учак кырсыгынан көз жумганына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда өткөрүлдү.
Дагы караңыз
Ташиев менен Ятимов Тажикстанда чек ара маселесин талкуулады БУУнун комиссары Пакистандагы ооган качкындары менен жолуктуКароосуз калган төрт ымыркай Москвадан Кыргызстанга алып келинди