Газада мектепке жасалган сокку ондон ашык өмүрдү кыйды

Газадагы мектептин аймагына жасалган соккудан запкы көргөн палестиндер. 6-июль, 2024-жыл.

Израил армиясынын 6-июлда Газадагы мектепке жасалган аба соккусунан кеминде 16 кишинин өмүрү кыйылганын аймактын жетекчилиги билдирди. Ондогон адам жараат алганы кабарланды. ЦАХАЛ сокку мектептин аймагында жашырынган террорчуларга каршы багытталганын жүйө кылды.

Ал арада Тель-Авивде өкмөттөн ХАМАС радикал уюму менен ок атышууну тез арада токтотуу боюнча макулдашууга барып, барымтадагыларды бошотууну талап кылган ири акция өттү.

Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндөгү Ан-Нусейрат качкындар лагеринин аймагындагы Улуттар Уюмуна караштуу мектепке 6-июлда жасалган Израил армиясынын аба соккуларынан кеминде 16 киши каза тапканын аймактын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирди.

Жарандык коргонуу кызматынын өкүлү Махмуд Басалдын айтымында, жараат алгандардын айрымдарынын абалы оор болгондуктан, курмандыктар дагы өсүшү мүмкүн.

Израил аскерлери соккулар бул райондо жашырынган ХАМАС радикал уюмунун согушкерлерин багытталганын жүйө кылышты. Бул топ АКШ менен Евробиримдикте террорчул уюмдардын катарына киргизилген. ЦАХАЛ карапайым тургундардын арасындагы жоготууларды азайтуу үчүн бардык чараларды көргөнүн кошумчалады.

Соккулар Газа тилкесинде тогуз айдан бери уланып жатканы согушту токтотуп, ХАМАСтын барымтасындагы израилдиктерди бошотуу боюнча аракеттер күчөп жатканда жасалды.

Ан-Нусейрат аймагына жасалган соккунун кесепети. 6-июль, 2024-жыл. Газа.

Тель-Авивдеги ири акция

6-июлда Израилде он миңдеген адам өкмөттү ХАМАС радикал уюму менен ок атышпоо тууралуу келишим түзүүгө чакырып, ири акцияга чыгышты. Тель-Авивде өткөн иш-чаранын катышуучулары “Макулдашуу азыр!” деген ураандарды чакырып турушту. Жакыны "хамасчылардын" колунда барымтада жаткан Сачар Мор Нетаньяхуга кайрылды.

"Жок деген бир жолу өлкөнүн, калктын кызыкчылыгын жеке кызыкчылыктардан жогору коюңузчу",- деди демонстрант.

Жергиликтүү медиа кабарлагандай, митингдин алкагында демонстранттар менен полициянын ортосунда кагылышуулар болуп, бир нече киши камалды. Демонстрациянын уюштуруучуларынын айтымында, акциянын башкы максаты барымтадагыларды токтоосуз бошотуу үчүн сүйлөшүүлөрдү баштоого өкмөткө басым кылуу болду:

"Биз Нетаньяхуну макулдашууга баруусуна аргасыз кылабыз. Биз Нетаньяху андан баш тартууга себеп таба албагандай кылабыз",-дейт акциянын дагы бир катышуучусу.

Израил армиясынын Газа тилкесинде аскердик операциясынын башташына 7-октябрдагы ХАМАСтын чабуулу түрткү болгон. Анда куралдуу согушкерлер Израилдин конуштарына кирип барып, 1200дөй кишини өлтүрүп, 240тай адамды барымтага алганы кабарланган.

Тогуз айдан бери уланып жаткан согушта Газа тилкесинде каза болгондордун саны 38 миңге жеткенин аймактын Саламаттык Сактоо башкармалыгы билдирди.

Израил өкмөтүнөн ХАМАСтын барымтасындагыларды бошотууну талап кылган акция. 6-июль, 2024-жыл.

Рейтер: ХАМАС Вашингтондун сунушун кабыл алды

Рейтер агенттиги өз булактарына таянып жазгандай, ХАМАС радикал тобу барымтадагыларды бошотуу боюнча Вашингтондун сунушун кабыл алды. Маалыматка караганда ХАМАС буга чейинки келишимге кол койгуча Израил тарап ок атышууну толугу менен токтотсун деген талабынан баш тарткан. Эгер расмий Тель-Авив макулдашууга кол коюуга макул болсо согушту токтотууга реалдуу мүмкүнчүлүктөр жаралат. Буга чейин израилдик өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху мунун бир гана шарты бар экенин айткан.

"Биз согушту бардык максаттарыбызга жеткенде гана токтотобуз, анын ичине ХАМАСты жок кылуу жана барымтадагыларды бошотуу да кирет. Саясий эшелон ЦАХАЛдын алдына бул максаттарды койгон жана ЦАХАЛда аларга жетүү үчүн бардык каражаттар бар",- деген эле Нетаньяху.

Кошмо Штаттардын Борбордук чалгын кызматынын башчысы Уильям Бернс кийинки аптада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Катарга барарын Рейтер агенттиги өз булактарына таянып жазды. Аталган кызматтын расмий өкүлү бул маалыматты ырастоодон баш тартты. Ал эми Ак үйдүн өкүлү ХАМАСтын чечимин ырастабастан, “реалдуу алга жылуу бар, бирок иш көп” деп кыскача комментарий берди.

Вашингтондун планына ылайык, келишимдин алгачкы эки басыкычында ХАМАСтын барымтасындагы израилдиктерди акырындап бошотуу, израил аскерлерин аймактан чыгаруу жана түрмөлөрдөгү палестин туткундарын бошотуу каралган. Ал эми үчүнчү баскычына согуштун айынан жер менен жексен болгону аймакты калыбына келтирүү жана барымтада мерт кеткендерин сөөктөрүн кайтаруу кирет.